КРнын Айыл чарба тамак-аш өнөр-жай жана мелиорация министринин президент Сооронбай Жээнбековго маалымат берип жатып жакын арада россиялык мамлекеттик «Росагромаркет» компаниясынын адистери келишип, алардын катышуусу менен 2018-жылдын 12–13-февралында Бишкек жана Ош шаарларында фермерлер үчүн конференциялар уюштурула турганын билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков бардык кесиптештери – жакынкы мамлекеттердин башчылары менен өз ара аракеттенишүү маселелери менен катар агрардык тармакта кызматташуу келечеги талкууланганын белгиледи.
«Өзбекстан менен биз айыл чарба жана сүт, эт азыктарынан акциздик салыкты алып салуу, биргелешкен жаңы ишканаларды куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык. Тажикстанда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликтеги мүчөлүгү жана ВСП+ статусун эске алуу менен товарларды экспорт, импорт жана реэкспорт кылуу боюнча аракеттенишүү механизмдери талкууланды. Ички да, тышкы да рынокто биздин айыл чарба азыктарына суроо-талап чоң, биз атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Экологиялык таза продукциябызды тышкы рынокторго экспорттоого мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң, бул багытта жумушту активдештирүү керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
“2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Президенттин Жарлыгы тууралуу айтып жатып, Сооронбай Жээнбеков максаттардын бири айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатында аймактардагы чакан жана орто ишкерликтин демилгелерин колдоо экендигин белгиледи.
«Айыл чарба министрлиги аймактардагы фермерлерди жана ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча каржылык институттар жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштеши керек. Кайра иштетүү ишканаларды куруу долбоорлорун даярдап, аймактардагы фермерлерге жана ишкерлерге жардам бериши керек. Бул биздин негизги максатыбыз болушу зарыл», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.