Тараптар августта долбоордун техникалык-экономикалык негизи даярдаларын, ал эми жылдын акырына чейин каржылык маселелери чечилери тууралуу сүйлөшүштү.
Долбоор боюнча алдын ала алынган маалыматтарына ылайык, Чыгыш Азиядан Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Европага болгон жол 900 чакырымга же жолдо жүрүү 7–8 суткага кыскарат.
Мындан сырткары курулуш Борбор Азиядагы инфраструктураны өнүктүрүүнү камсыз кылып, Персид булуңуна жана Тынч океанга чыгууга ыңгайлуулук түзүлөт.