• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Бишкек-Ташкент-Бишкек» аба каттамы 23-декабрдан тарта жанданды

lyizhnaya-baza-karakol-1

👁 1,350

2017-жылдын 23-декабрында Бишкек-Ташкент, 2018-жылы Ош-Ташкент аба каттамы жанданат.

Эми ар аптанын шаршемби жана ишемби күндөрү «Бишкек-Ташкент-Бишкек» багытында учактар каттап турат. Мындан тышкары “Ош-Ташкент-Ош” аба каттамын жандантуу маслеси 2018-жылы чечилерин Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каттамдарды кайра калыбына келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун 13–14-декарбрь күндөрү Ташкентке жасаган иш сапары учурунда сүйлөшүүлөр жүргөн. Билеттин баасы 110 доллардан жогору болот. Мындан тышкары 2018-жылдын жазында Ташкенттен Бишкекке андан ары Ысык-Көлгө кетүүчү темир жол каттамы ачылат.

ССР маалында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Жалал-Абад – Ташкент – Бишкек каттамы бар болчу. Транспорт министри Жамшитбек Калилов журналисттерге бул маселе изилденип, эгер темир жолду ачуу пайдалуу болсо анда транспорттук каттам жанданарын билдирди.

Анын маалыматына ылайык, буга чейин автобус каттамдары да бар болчу, бирок 1999-жылы өзбек тарап аны токтотуп койгон.

“44 каттам бар болчу. Негизинен Кыргызстандын түштүгүнөн кетчү: Ош-Коконд, Ош – Андиджан, Ош-Фергана, Жалал-Абадга жана Кызыл-Кыяга дагы каттамдар бар болчу. Ошондой эле Баткенден Ташкент аркылуу Бишкекке каттаган каттам д бар эле”,-деди ал. Автобус каттамдарын жандандыруу маселеси кыргыз делегациясынын Ташкентке болгон иш-сапары учурунда талкууланат.

“Автомобиль жана жүргүнчү ташуучу транспорт маселелерин жөнгө салуу боюнча 2018-жылдын 25-январында өзбек тарап менен жолугушабыз жана бир пикирге келебиз деген ишенимдебиз”, — деп билдирди министр.

Министр Жамшитбек Калилов “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча 2017-жылдын 25-декабрында Ташкентке үч тараптуу жолугушууларга адистер тобу жөнөй турганын, ал эми 27-декабрда министрлердин деңгээлинде үч тараптуу жолугушуулар өтөөрүн жана анда темир жол салуу боюнча бардык маселелер талкуулана турганын билдирди.

“Биз долбоордун биз сунуштаган вариантында темир жол курулушу керектигин айтып жатабыз. Баасы болжол менен 5 млрд доллардан ашуун болот”,-деди ал.

Автомобиль жана жүргүнчү ташуучу транспорт маселелерин жөнгө салуу боюнча 2018-жылдын 25-январында өзбек тарап менен жолугушуу болот.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости