Бишкек — Ош унаа жолу бүгүн саат 14.00дө толугу менен ачыла турганын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, учурда «Чычкан» капчыгайына түшкөн кар көчкүнүн тазалоо иштери 70 пайызга аткарылган. Калган 30 пайызы бүгүн тазаланып бүтөт.
Мындан сырктары, кечээ саат 16.40да Ала-Бел ашуусунда дагы көлөмү 10 миң метр куб кар көчкү түшүп төрт техника тартылганы айтылат.