• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бишкек мэриясы «Ош» базарында товары күйгөндөргө 10 миң сомдон берди

99

👁 616

Бишкек мэриясы «Ош» базарында товары күйгөндөргө бир жолу көрсөтүүлүүчү жардам катары 488 кишиге 10 миң сомдон берди.
Өрттөнгөн аймактар калыбына келтирилгичекти соодагерлерге мэрия «Берекет – Гранд» соода борбору менен биргеликте аталган борбордон, Кулиев көчөсүнөн, Киев көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктөн соода кыла турчу жер бөлүп берген.

Экспертизанын бүтүмүнөн кийин «Берекет – Гранд» базарынын администрациясы кыска аралыкта оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүүнү пландоодо. Ал эми күйүп кеткен жерлер жасалгандан кийин кайра ошол ээлерине берилери айтылган.

«Сейтек» базары менен «Берекет плюс» соода павильону калыбына келтирүү иштерин бүтө жаздап калды. «Сейтек» ЖЧКсынын аймагында соода кылган соодагерлердин бөлүгү бүгүнкү күндө соода кылып жатышат.

Буга чейин Бишкектин мэри Албек Ибраимов менен Ленин районунун Нурдин Тынаев жабыр тарткандар менен бир нече ирет жолуккан. 19-апрелде мэр өрттөнгөн базарга барып, соода кылгандар менен жолукканда товарын тилсиз жоого алдырып жибергендерге жардам убада кылган.

Эскерте кетсек, кырсык 13-апрелге караган түнү болгон. Өрттүн очогу Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын «Берекет» базарында жайгашкан. ӨКМ базар атайылап өрттөлгөнүн айтып, милиция кылмыш ишин козгоду. 5200 чарчы метр аянтты жалмаган өрт 16 сааттан кийин толук өчүрүлгөн.
ӨКМдин өкүлүнүн айтымына караганда, өрт атайылап коюлгандыгын айткан. Бул жыл башынан берки «Ош» базарынын аймагында чыккан үчүнчү өрт. Биринчиси 30-январда, экинчиси 5-мартта болгон.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости