–Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирбек Бирназаровго;
–Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыковго;
–коюучу-сүрөтчү Байышбек Исмановг;
–коюучу-оператор Кобилжон Хамидовго өкмөттүк сыйлыктар тапшырылды.
“Түнкү кырсык” тасмасынын дүйнөлүк премьерасы 2017-жылдын 26-ноябрында Таллинни шаарында «Темные ночи» — “А” классындагы Эл аралык кинофестивалында болду.
Фильмди тартууга 10 ай кеткен. 90 мүнөткө созулган кыргыз тилиндеги тасмага 6 миллион сом сарпталган. Тасма Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган. Башкы ролдордо – Кыргыз Респубикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков жана киноактриса Дина Джейкоб ойногон.