2020-жылдын 1-январына чейин убактылуу киргизилчү турбореактивдүү, ортомагистралдык жарандык жүргүнчүлөр учактарын бажы алымдарынан жана салыктардан 8 жылга толук шартуу түрдө бошотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин бүгүн, 10-ноябрда, Москва шаарында өткөн кезектеги жыйынында белгилүү болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын жүүрүшүндө ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү евразиялык интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн интеграциялык аракеттешүүсүнүн кеңири чөйрөсүн камтыган 20 маселени талкуулады.
“Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү жамааттык негизде автордук жана чектеш укуктарды башкаруу тартиби тууралуу келишимге кол койду жана ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрдүн жаныбарлардын өзгөчө кооптуу, карантиндик жана жугуштуу ооруларынын алдын алуу, диагностикалоо, локалдаштыруу, жок кылуу жана регионалдаштыруу жана компартментализациялоодо өз-ара аракеттешүү тартибин бекитти”,-деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле ЕЭК Кеңешинде ветеринардык көзөмөлдү жүргүзүүдө лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүүнү уюштуруунун бирдиктүү Эрежеси бекитилди, медициналык буюмдар сапатынын менеджменттик тутумун киргизүү, колдоого алуу жана баалоого болгон талаптар кабыл алынды.
Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Кеңештин «Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине түзөтүүлөрдү иштеп чыгууну жактырышты.
Белгилей кетсек, экспорттоочу компаниялардын тизмесинде ата мекендик бир дагы косметикалык компания жок.