Салык органдары бүгүнкү күндөн тарта Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин өзгөчө режимде кабыл ала башташат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Декларациялар 28-февралга чейин, майрам жана дем алыш күндөрдү кошкондо, эртен менен саат 09.00дөн түн ортосуна чейин кабыл алынат.
Иш убактысында тапшырууга жетишпей калган жарандар 18.00дөн кийин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Белгилей кетсек, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 10000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.