2018-жылдын 13-февралына карата 43 миң 773 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
Тагыраак айтканда, 8 миң 474 юридикалык жактар, 28 миң 166 жеке ишкерлер, 5 миң 461 жеке жактар, 1619 салык салынуучу кирешеси жок жеке жактар, ошондой эле 53 мамлекеттик жана муниципалдык кызмакерлер биридктүү салык декларациясын тапшырышты.
Салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен өлкө аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү экенин билдирүүдө.
Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр бирдиктүү салык декларацияны 1-апрелге чейин тапшырышы керек.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 10000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.