Министрдин айтымында, Өкмөт казак тарап менен дароо эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган, 18-октябрда 48 пункттан турган жол картасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Ал эки өлкө ортосундагы бардык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган болчу. Бирок тилекке каршы, бул маселеде бир пикирге келе алышкан жок
Казак тарап жол картасына кол коюлган күндө деле чек аралар ачылбай турганын билдирди.
Ал эми Экономика министрлиги бизнес-коомчулук менен тыгыз иштеп баштады жана ишкерлерди колдоого алуу ишин баштады. Чек арадан өтө албай турган ишкерлерге келген чыгымдар саналып чыгат.
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев КРнын Салык мыйзамына ылайык алдын ала албаган учур болгондо кандай аракеттер болушу керектиги тууралуу нормалар бар экенин айтты. Ишкерлерди колдоого багытталган бир катар чаралар кабыл алынды: салыктык жеңилдиктер, бажы төлөмдөрү жана социалдык төлөмдө боюнча чаралар.
Жабыркаган ишкерлердин насыя төлөө мөөнөтүн 60 айга чейин узартуу каралууда.
Экономика министрлиги 31-октябрдан тарта эксперттердин иштөөсү үчүн атайын имарат бөлүнүп берилди.
Казакстандын чек арасындагы абалдан келтирилген чыгымды аныктоочу секретариат болуп Экономика министрлиги бекитилди.
Ошондой эле Ички иштер министрлиги, Экономика министрлиги, Транспорт министрлиги чек арадагы абалга мониторинг жүргүзөт.
Белгилүү болгондой, 26-октябрда Экономика министрлигинин адистери Жүк ташуучулар профсоюзу менен бирге жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан чек арадагы көйгөйдөн келтирилген чыгымды аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзүшкөн.
Учурда КРнын Экономика министринин адистер тобу Ак-Тилек өткөрүү пунктунда чыгымдарды аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүүдө. Комиссия кандай иш алпарары тууралуу план даярдалды.
2017-жылдын 1-ноябрына карата кыргыз-казак чек арасында 700дөн ашуун жүк ташуучу унаа турат.
Жалпысынан жолугушуу учурунда чыгымдарды эсептөө механизмдери жана абалды биргелешип жөнгө салуу жолдору талкууланды.