Май айына карата жаратылыш газынын бир метр кубу калк үчүн 14,41 сом деп белгиленгенди. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Аны менен катар коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алганда газдын бир метр кубу 17,66 сом болду.
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы ар бир айдын башында Улуттук банк тарабынан бекитилген доллардын расмий курсуна жараша тарифти бекитет.
1-майга карата доллардын расмий курсу 68,78 сомду түздү.
Апрель айында газ калк үчүн да, ишканалар үчүн да алты тыйынга арзан болчу.