Бүгүнку күнү Айгүл Кыргызстандын туризминин бренди болуп калды. Баса, алгачкы жолу мен ал тууралуу Алматыдагы эл аралык туристтик жарманкеде уккам. Гүлдүн сүрөттөрү көптөгөн туристтик форумдардын стенддеринде пайда болду. Аны көргөн чет элдиктер суктанып жатышты, анын укмуштуулугу тууралуу биологдор, экологдор айтып жатышты, ал эми баткендиктер ал тууралуу сонун уламыш билишет экен. Айтсаңар бул назик гүлдү көрүү кыялы кантип пайда болбосун?
Баткен облусуна жеткенден кийин анын өтө бийик эмес тоо кыркалары жашыл тартып калган болчу. Жергиликтүү тургундар мындай уламышты айтып жүрүшөт: «Илгери бул аймакта бай жашайт экен. Анын ай чырайлуу Айгүл аттуу кызы болуп өзүнүн наздыгы, сулуулугу менен башкалардан айырмаланып, адептүүлүгү жана эмгекчилдиги менен ата-энесин кубанычка бөлөп келет. Айгул бой тартып эрежеге жеткенде ай жамалы ачылып сулуу кызга айланып, ошол эле айылдагы Козу Улан деген баатыр, эмгекчил жигитти сүйүп калат. Эки жаштын ата-энеси да балдарынын купул сезимдерин байкап калышып билдирбестен той камын коро башташат.
“Бул биздин аймактагы эң кооз жер”,-дейт гид Куттубек Пазылов.
Улам жогорулаган сайын Баткендин сулуулугу арта баштады, ал эми Айгүл-Таш болсо токтоп калган вулканга окшоп турду. Бийик чыгуу татаал экен – тик аскалар, учтуу таштар, бут алдынан куюлган топурак. Бир катар сууларды көрүп тоо гүлдөрүн жоготуп алуудан коркуп ыйлап жаткандай туюлду.
Көрсө ийне жалбырактуулар гана эмес, гүлдөр арасында дагы көпкө жашагандар бар экен. Тоого жакын жайгашкан Кара-Булак айылында айрым учурларда 30 гүл ачкан Айгүлдү кезиктиришкен! Бирок 1,5 метрлик гүл эң бийик аскаларда жашынып өсөт! Ал эми Айгүл гүлүн ачып жатканын көрүү ийгилик деп саналат, себеби ал ай толгондо гана гүл ачат.
Айгүлдүн сулуулугуна сөз жок! Ар бир гүл өзүнчө сулуу. Аларга суктануу менен ылдый түшүүнү чечтик. Бирок гид эң жогоруда кызык-кочкул талаа бар дегенде кармана албай калдым.
Жолдо катар Куттубек менен сүйлөшүп кеттик. Ал 29 жашта экен. Баткен облусунда туулуп өскөн, көптөгөн жылдар бою Орусияда акча табуу үчүн иштеп келген. Бул жылы үйүндө калган – жубайы экинчи баласын төрөптүр.
“Айылдыктар кандай баалуу нерсеге ээ болгонун түшүнбөгөнү өкүнүчтүү! Анткени бир гана гүлдү көрүүнү каалагандардан баткендиктер эмне деген каражаттарды табышат эле. Башка өлкөлөрдө ботаникалык турлар бар да. Жада калса эс алуусуна өтө кылдаттык менен мамиле кылган туристтер дагы аны сүйүшөт да. Ошондо жердештерим үйүнөн алыс барып акча табуу жолун издебей, туристтерди кабыл алып отурушмак да”.
Бардык эле жашоочулар гүлдү баалай беришпейт. Мүнөттүк кызыкчылыгы үчүн аны жулуп алгандар болууда. Мен бычак менен кесип кетишкенине дагы күбө болгон. Айгүл жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдүн катарына кирип Кызыл китепке киргизилген! Жашоочулар коноктор алдында вазага салып коюу үчүн кучак толо гүл үзүп алган учурлары болуптур. Ашказан жана боор ооруларын айыктыруу үчүн дагы үзүп келишкен.
Учурда экологдор тоодо мал жаюуга тыюу салышканы менен жолдон эки эшек оттоп жүргөнүн көрдүк. Тоо этегинде сынган бөтөлкөлөр, үзүлгөн гүлдөр жана башка таштандылар, булардын баары айылдыктар үчүн кадимки көрүнүш.
Жай болгону менен биз көрүүнү эңсеген талаага да жеттик. Ушул жерден накта фотоаңчылык башталды! Бир гүлдүү Айгүл. Бир нече гүл ачкан Айгүл. Гүл ача электер жана бажырайгып гүл ачкандар. Алардын айрымдарын курт-кумурскалар жеп кеткенин байкадым, айрым курттарды сүрөткө тартып алдым, балким энтомологдорго керек болор?
Сүрөткө түшүп жатып гид телефон менен сүйлөшүп жатып маанай чөгүп кеткенин байкабай калдым. Көрсө ылдыйдагы кишилер биз жүргөн жакта 2 карышкыр жүргөнүн дүрбү менен көрүшүп, батыраак ылдый түшүүбуз керектигин айтышыптыр.
Кара-Булактын жашоочулары аймактык-коомдук кеңеш түзүшкөн, алар Баткендин баалуулугу болгон Айгүл гүлүн сактоо боюнча Борбор Азиядагы тоо коомчулугунун альянсына биригишкен. Аймактык-коомдук кеңештин жетекчиси Жамиля Пазылова балдар менен бирге бир канча жылдардан бери белгилүү тоо этегине келип, боз үй тигип, Айгүл гүлү гүлдөп жатканда келгендерге көз салышат. Аларга гүлдүн баалуулугу тууралуу айтышып, аларга аяр мамиле кылуу керектигин эскертишет.
Тоонун баарына тосмо коюу мүмкүн эмес! Адамдардын аң-сезимин кичине кезинен тарта эле өзгөртүү керек. Жергиликтүү мектепте жаратылышка аяр мамиле кылуу керектиги тууралуу көп айтып келише. Ошол эле жакта жогорку класстын бүтүрүүчүлөрүнөн “жашыл патруль түзүлгөн. Алар эс алуучуларды эрежелер менен тааныштырып, келген унаалардын номерлерин жазып алышат. Айтор, жергиликтүү тургундар күчүнүн барынча Айгүл гүлүн коргоп келишет.
Баткен облусун көрүү кыялым орундалды. Бирок канааттануу менен катары эле кооз жаратылышка боорум ооруп кейип калдым. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги мындай керемет жерлерге туристтерди тартуу менен алектенсе болмок. Алар кооздукка суктануу менен катар эле каражаттарын дал ушул жерге чачып кетишмек.
Бир сөз менен айтканда ойлончу нерселер көп.
Ирина Байрамукова