Жолугушууда БАБӨ долбоорун ишке ашыруу, облустардын мүмкүнчүлүктөрү жана башка бир катар маселелер талкууланды.
БАБӨ долбоорунун иши жакшы натыйжа бере баштады.
Жылдар | Өндүрүүчү топтордун саны (жамааттар) | Тартылган адамдардын саны |
2011 | 64 | 550 |
2016 | 178 | 2000ге жакын |
2017 | 220 | 2200гө жакын |
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 11 айында сатуунун жалпы көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 35%га жогорулаган.
БАБӨ долбоорун ишке ашыруу процессинин жүрүшүндө жергиликтүү чийки заттан өнүм даярдагандан сырткары аны ички жана тышкы рынокторго сатуу боюнча тажрыйба алышат.
БАБӨ долбоору – Япония тарабынан демилгеленген жана иштелип чыккан стратегиялык кыймыл. Бул долбоордун уникалдуулугу төмөнкүлөр: максаттуу өнүмдү аныктоо, аны өндүрүү, жергиликтүү ресурстардан гана өндүрүү, таңгактын жана этикетканын дизайнын иштеп чыгуу, сапатына көңүл буруу жана жергиликтүү, дүйнөлүк рынокко алып чыгуу.