• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

BIF форум ишкер менен инвесторду бир аянтчада жолуктурду

3-str

👁 1,686

Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген ишкерлер Германия, Индия, Өзбекстан, Казакстан, Сингапур, Тажикстан жана Түркиянын бизнес делегация өкүлдөрү менен бир аянтчада жолугушту. ЖИА бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулган Бишкек инвестициялык форумунда өз бизнесин баштоо, андан ары улантуу максатында каражат издеген ишкерлер долбоорлорун келгендерге сунуштады.

Жыйында расмий бийлик жетекчилери ишкерлердин бизнесин коргоого убада берип, инвесторлорду Кыргызстанга келүүгө чакырды. 

Быйыл үчүнчү ирет өтүп жаткан форумга ишкерлер тарабынан 200 бизнес долбоор келип түшкөн. Алардын он биринин бет ачары иш-чаранын катышуучуларына тааныштырылды. Мында негизинен айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, он-лайн дүкөн ачуу сыяктуу заманбап долбоорлор бар.

ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов форумду ачып, келген жалпы конокторго ыраазычылыгын билдирди. Кеңири аймакты камтыган бул иш-чара өз ара тажрыйба алмашып, аймактардан келген ишкерлерди бири-бири менен, инвестор менен жолуктуруучу ыңгайлуу аянтча болуп жатканын белгиледи.
“Негизги максатыбыз – ишкердүүлүктү өнүктүрүү. Жаңы баштап жаткан ишкер болобу, же иштеп жаткан ишкер болобу, айтор орто жана чакан деңгээлдеги ишкерлерге бардык жагынан жардам берип, колдоо көрсөтөбүз. Аларды инвестор менен бетме-бет жолуктуруп бирге иштешүүсүнө шарт түзүп беребиз”,-деди Ажыкулов.

Абдыгулов: “Өкмөт инвестор менен ачык диалог түзүүгө даяр”

Форумга катышкан вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов дал ушул ишкерлерди колдоп, келген инвестор бюрократиялык тоскоолдуктарга кабылбашы үчүн өкмөт инвестицияларды тартуу боюнча органдын макамын жогорулатканын эске салды.

Мындан ары инвестицияларды илгерилетүү агенттиги түздөн-түз премьер-министрге баш ийген обочолонгон орган болду. Бул инвесторлордун көйгөйлөрүн ыкчам чечип, бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартууга жардам берет. Бул механизм 3 жыл аралыгында Кыргызстандын экономикасына 3 миллиондон кем эмес салым кошкон бардык инвесторлорго стабилдештирүү режимин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Тактап айтканда, алар 10 жыл бою салык кызматындагы мыйзамдардын өзгөрүшүнө карабай, бир гана салык режимин колдоно алат. Ошондой эле, өлкөгө келген инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү максатында атамекендик экономикага кирүү боюнча инвестициялык визаны алуунун босого суммасынын өлчөмү 500 миң АКШ долларынан 145 миң АКШ долларына чейин төмөндөгөн. Андан тышкары инвесторлордун үй-бүлө мүчөлөрүнө тоскоолдуксуз виза алуусу үчүн «Үй бүлөлүк» деген жаңы виза категориясы кирген”, деди Толкунбек Абдыгулов.

Вице-премьер-министр форумдун катышуучуларын өлкөнүн экономикасын жигердүү инвестициялоого чакырды.

«Биз бизнеске жагымдуу шарттарды түзүп жатабыз. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү жана ВСП Евро Биримдиктин жалпы артыкчылыктар системасы макамына ээ. Бул форум регионалдык карым катнашты күчтөндүрүп, Борбор-Азия регионунун өнүгүшүнө салымын кошуп жана мындан ары да инвесторлор үчүн ачык аянт катары кызмат кылат деп ишенем», – деди Толкунбек Абдыгулов.

“Бизнесте чек ара жок”

ЖИА бизнес бирлигинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Жоодар Сайдилканов ишкерлер өзүнө өзү тоскоолдук жаратып жатканын билдирди. Анын пикиринде ишкерлер бизнестин бир эле түрү менен иш алып барышат.

“Бардык ресурстарды, анын ичинде адам ресурстарын тобокелдикке салып, башка тармактарга өтүүгө аракет кылышат. Бирок бул үчүн ошол тармактагы алдыңкы ишкерди таап, капитал салуу ыңгайлуу. Ошол эле учурда белгилүү бир тармактагы капиталга кошулуп, инвестиция салып кызматташуу туура болот”,-деди Сайдилканов.

Момункулов: “Форум Борбор Азиянын Давосуна айланат”

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Эсенкул Момункулов Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуга, реформаларды жүргүзүүгө эрк бар экенин билдирди.

«Чакан жана ири бизнеске шарт гана түзүлсө, анда бул иштерди ишкерлер өздөрү эле алдыга алып кетет деп ишенебиз. Өкмөттө реформа кылганга саясий эрк бар. Кыргызстандын инвестициялык климаты мунай, газ сыяктуу табигый байлыктарсыз эле өлкөнү ушул күнгө чейин эмне алдыга жылдырып келди? Бул албетте биздин демократиялык баалуулуктар, ачык-айкындуулук жана адамдык ресурстар дегим келет.

Момункулов Бишкек инвестициялык форуму алдыда Борбор Азиянын Давосуна айлана тургандыгын белгиледи. Мындай чекке жетүү үчүн бизнес-ассоциациялар өкмөткө өнөктөш экенин, алар менен бир багытта иштешкенде гана натыйжа болорун кошумчалады.

Кыргызстанда бизнес жүргүзүү оңой

Кыргызстанда бизнес жүргүзүү башка өлкөлөргө салыштырмалуу алда канча оңой экенин “Кант ТШП” ишканасынын байкоочу кеңешинин төрагасы, ишкер Танвир Афтаб билдирди.

Бул пикирин өлкөдөгү салыктын төмөн баада экени, инфраструктура түзүлгөн, ижара акылары да арзандыгы менен тастыктады.

Ишкердин бизнесине акча салам деген инвестор адегенде анын кандай адам экени, басып өткөн жолун изилдеп, кийин акчасын кантип кайтарып аларын ойлонот. Ошол эле учурда кандай мамлекет экени да маанилүү. Ошол мамлекеттин мыйзамдарына кызыгат. Ишканамды тартып албайбы, коопсуздугу кандай, көчөсүндө ээн-эркин баса аламбы деп ойлонот”,-деди Танвир Афтаб.

Борбор Азия ишкерлери үчүн бирдиктүү аянтча түзүү зарыл

Борбор Азия аймагынын ишкерлери үчүн “Борбор Азия палатасы” аянтчасын түзүү абдан маанилүү экенин, аянтча бизнесмендердин өз ара жигердүү кызматташуусуна жана соода иштерин жеңилдетүүгө жол ачарын Suncore Capital консалтинг-инвестициялык компаниясынын өнөктөш жетекчиси Жапар Усенов сунуштады.

Борбор азиялык ишкерлер инвестор издеп таап макулдашуу үчүн өз алдынча коңшу өлкөлөрдү кыдырып жүрүшөт. Ишкерчилик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билүү үчүн коңшулаш Өзбекстанга үч жолу барууга туура келди. Бул чөлкөмдөрдөгү бизнес жүргүзүү шарттары тууралуу маалымат алуу жана рынок талап кылган долбоорду түзүү үчүн “Борбор Азия палатасы” маалымат аянтчасын түзүү муктаждыгы бар”,-деди Усенов.

Бишкек инвестициялык форуму быйыл үчүнчү ирет өттү. Биринчи форумда ишкерлер менен инвесторлор 750 миң доллар өлчөмүндө келишим түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 3 млн. сомго жеткен. Уюштуруучулар быйылкы жылы эки эсе көп болорун айтышууда.

Расмий маалыматтарга караганда быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сегиз пайызга өскөн. Анткен менен бул көрсөткүч Кыргызстанга келген чет элдик түз инвестициянын жогорку темпи эместигин эксперттер белгилешүүдө.

Өлкөгө келген инвестиция агымы тоо-кен байлыктары, электр энергиясы сыяктуу ири долбоорлорго жумшалып келген болсо, акыркы убактарда инвесторлор туризм, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү, мал чарбасы багытына да маани бере баштаганы форумда белгилүү болду.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости