ЭКОНОМИКА мунун Кыргызстан менен кандай байланышы бар экени тууралуу талкуулап көрдү.
Кыргызстан кичинекей өлкө, бирок ал экономикалык рынокто дүйнөлүк оюнчулардын таасиринен көз каранды. Канададагы, Австарлиядагы жана Орусиядагы түшүмдүн кандай болгону Кыргызстанга кандай таасир тийгизиши мүмкүн? Көрсө таасир тийгизет экен.
БУУнун маалыматына ылайык, данга болгон баа 9,6 %га төмөндөгөн. БУУ 5 негизги азыкка – дандарга, өсүмдүк майларына, сүт азыктарына, этке, шекерге болгон баанын индексин берди.
Докладга ылайык, данга, этке жана сүт азыктарына болгон баа 2016-жылы төмөндөгөн, ал эми шекерге жана өсүмдүк майына болгон баа жогорулаган.
Шекерге болгон баа дүйнөлүк рынокто 34,2%га жогорулаган, демек кант кызылчасын өстүргөндөр аны болгон каражатын жана күчүн жумшап өстүрсө болот. Өсүмдүк майынын баасы 11,4%га жогорулаган. Бирок биздин өлкөдө май чыгаруучу заводдор өсүмдүк майын экспорттоо үчүн ири көлөмгө ээ эмес жана майга болгон баа мурункудай эле боюнча кала бермекчи.
Сүт азыктарына болгон баа 4%дан 7%га чейин арзандаган.
КРнын аймактарында сүткө болгон баа литрине 12 сомдон 18 сомго чейин болуп келет, бул көрсөткүч баанын төмөн экенинен кабар берет.
Эксперттер 2017-жылы баалар туруктуу болбойт деп санашат.
Буга бир нече факторлор себеп, алардын арасына акча алмаштыруу курсунун белгисиз болуусу да кирет.