Өрттөлгөн «Берекет» базарынын аймагына жаңы базар курулат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун аталган базардагы соодагерлер менен жолугушуусунда айтылды.
Өкмөттөн билдиришкендей, базардагы экспертиза иштери 10-майга чейин бүткөрүлөт. Андан соӊ гана анын ордуна кандай базар курулары белгилүү болот. Ага чейин орду күйүп кеткен сатуучулар Кулиев көчөсүнүн автоунаа жүрүүчү жолунда соода кылууга аргазсыз.
Ошондой эле өкмөт өрттөн зыян тарткан ишкерлердин көйгөйүн жеңилдетилген насыя берүү менен чечүүгө аракет кылып жатканы кошумчаланган.
Маалым болгондой, 13-апрель түнү өрттөлгөн Бишкектеги «Берекет» базарындагы чыккан өрткө байланыштуу базардын директору менен өрт көөпсуздугуна жооп берген кызматкер камакка алынган. Аларга өрт коопсуздугун алдын алган эмес деген айып тагылууда.