• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Берекет» базарынын сатуучулары убактылуу жай менен камсыздап турууну суранышууда

osh-baz-01

👁 615

17-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков өрттөн жабыркаган “Берекет” базарынын реализаторлорун кайрадан кабыл алды.

Жолугушуу учурунда кырсыктын себебин аныктоо жана кесепетин жоюу багытында жасалып жаткан иштер тууралуу сөз жүрүп, жабыркаган сатуучулар өздөрүнүн сунуш-талаптарын билдиришти.

Төрага Дастанбек Жумабеков алгачкы жолугушууда айтылган маселелер боюнча тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып, керектүү маалыматтарды алып жатканын белгилеп:

“Биздин максат өрттүн кесепетин жоюу менен жабыркаган жарандарды тез арада жумуш менен камсыздоо болуп эсептелет. Андыктан, баарыбыз болгон аракетибизди жумшап, сиздердин көйгөйдү чечүүгө далалат кылуудабыз. Жакынкы аралыкта Жалал-Абаддагы жана Ош базарындагы катталган өрт кырсыктары боюнча 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынына тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүн чакырдык. Алардын катышуусу менен ачык-айкын талкуу болот. Мен сиздер тараптан айтылган ар бир сунуш-пикирди жыйында көтөрүп, тийиштүү мекеме жетекчилерине билдирем”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле Төрага жабыркагандарга сабырдуулук тилеп: “Менин колумда насыя алган ишкерлердин алдын-ала берилген тизмеси турат. Бул маселе боюнча да Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен биргелешип мыйзам чегинде зарыл болгон иштерди жүргүзүп жатабыз”,– деди.

Жолугушууга келгендер жумуш орундарын калыбына келтирүү менен күйгөн товарларына компенсация чегерүү жана алган насыяларын төлөөдө жеңилдиктерди берүү сыяктуу бир катар талаптарын коюшуп, убактылуу иштеп тургандай жай менен камсыздап берүүнү өтүнүштү.

Базарда 26 жылдан бери иштеп келе жаткан Бурулкан Абдраманова айтылган суранычтар жалпы “Берекет” базарындагы өрт кырсыгында жабыркагандардын талабы экенин белгилеп, алардын башкы сунушу тез арада жумушчу орундарын камсыздоо менен алган насыяларын төлөөдө жеңилдик берүү болуп жатканын кошумчалады.

Ал эми дагы бир ишкер Гүлсара Боромбаева өрт кырсыгы өтө оор кесепеттерди алып келгенине токтолуп, жабыркагандардын көбү жалгыз бой энелер, карылар жана жаштар экенин билдирди.

Жолугушуу соңунда Төрага эртеңки парламент жыйынында өрт кырсыгы тууралуу боло турган талкууну жеринде угуп, көрүү үчүн жабыркагандардын өкүлдөрүнө да катышууга уруксат берди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-апрелине караган түнү «Ош» базарынын аймагында катталган ири өрт кырсыгынан “Берекет” базары күйүп кеткен. Бул аталган базардын аймагында катталган жыл башынан берки үчүнчү өрт болуп эсептелет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости