Бишкектеги Ош базарынын ичиндеги “Берекет” базарынын директору жана өрт коопсуздугу боюнча жооптуу кызматкер убактылуу кармоочу жайга эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Аларга Кылмыш жаза кодексинин 238 (өрт коопсузудугунун эрежелерин бузуу) беренеси боюнча иш ачылган.
Эске салсак, үстүбүздөгү жыл ичинде Ош базарында үч жолу өрт чыкты. Акыркы жолку кырсыкта 300дөн ашуун сатуучу зыян тартты.
Ички иштер министрлиги бул фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 174 (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 238 (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) беренелери менен иш козгогон.