• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Беларус бийлиги Бишкек-Минск авиа каттамын ачууну сунуштоодо

220518115721_kodur-05

👁 796

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Асел Кодуранова бүгүн, 22-майда Бишкек шаарында өтүп жаткан Беларусь киносунун күндөрүнө катышкан Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык кеӊешинин депутаты Геннадий Давыдькону кабыл алды.

Жолугушууга Кыргыз-беларусь депутаттык достук тобунун башчысы Салайдин Айдаров, депутат Садык Шер-Нияз, Беларустун Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко катышты.

Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы дипломатиялык байланыштардын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толгондугун эске салган вице-спикер Асел Кодуранова эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык байланыштар кызматташтык мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. «Кыргыз парламенти беларусь парламентинин эки палатасынын төрагаларынын чакыруусун чын дилинен кабыл алып, ушу тапта Жогорку Кеӊештин Төрагасынын 20–22-июндагы иш сапарына кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Бул расмий иш-чара эки элдин ортосундагы алакаларды андан ары арттырууга түрткү берери бышык», — деди ал.

Вице-спикер эки өлкөнүн өз ара байланышы КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ уюмдарынын алкагында да чыӊдалып жатканын белгиледи. «Коомдук-сасий, социалдык-экономикалык кызматташтык мамилелер жаатында өсүштөр бар. Албетте, эки элдин ортосундагы маданий байланыштар да унутта калбашы керек. Быйыл 90 жылдык маарекеси белгиленип жаткан Чыӊгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын беларусь тилинде басалып чыгышы, Бишкек шаарында Беларусь киносунун күндөрүнүн өтүп жатышы – жакшы жышаан. Мындай маданий алакаларды андан ары улантышыбыз керек», — дейт Асел Кодуранова.

Беларус парламентинин депутаты Геннадий Давыдько Кыргызстан агрардык өлкө экенин, ошондуктан Минск автозаводу жана Минск трактор заводу менен жакын байланыш түзүп, заманбап жана ыӊгайлуу айыл чарба техникаларын алуу зарылдыгына токтолду.

«Мен Кыргызстанга ушуну менен үчүнчү жолу келдим. Кыргыз эли да, кыргыз жери дагы абдан жакты. Кыргызстандын шартында туризмди өнүктүрүүгө чоӊ мүмкүнчүлүктөр бар, туристтер агымын тартса болот. Бизде дагы кыргыз туристтерин кызыктыра турган кооз жайлар арбын, аларды пайдаланыш керек», — деди ал.

Ал эми Беларустун элчиси Андрей Страчко ушу тапта Минск – Бишкек аба каттамын ачуу демилгесин көтөрүп жатканын айтты.

«Азыр жол көйгөйүн чындап тарткан эки өлкөнүн жарандары Алматы, алтургай Стамбул аркылуу катташууда. Ашыкча убаракерчилик тартпай эле, түз Минск – Бишкек аба каттамын ачсак, туризм кыйла өнүгүп, эмгек мигранттарына да жагымдуу шарттар түзүлмөк. Бул маселени эки тарап биргелишип чечпесек болбойт», — деп, ал келерки жылы Кыргызстанда Беларусь маданиятынын күндөрүн өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалады.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости