Эми мыйзамдарга жаңы терминдер жана карьералык пландоо сыяктуу түшүнүктөр киргизилет. Бул мамлекеттик кызматта өсүүгө жана көтөрүлүүгө жол ачат.
Эл ичинде “акчалуу” деп саналган (бажы кызматы булардын катарына кирет) мамлекеттик органдарда жаш адистер кесипкөйлүгүнө жана моралдык сапаттарына жараша карьерасынан жогорулайт деп үмүт кылып туралы.
Бажы кызматында квалификациялык экзамендер бат-баттан болуп турарын белгилеп кетели. Негизинен бул ишке жаңы алынган кызматкерлердин канчалык деңгээлде жакшы иштеп кете аларын аныктоо менен байланыштуу. Бажы тармагы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү алардын кесиптик даярдыгын аныктоочу көрсөткүч болуп саналат.
Сынакка катышууга физикалык даярдыгы начарлар киргизилбейт, анткени Бажы кызматы укук коргоо органдарына кирет жана кызматкер физикалык жактан жакшы даярдыкта болуусу кажет.
Башка өзгөртүүлөрдөн сырткары Бажы кызматынын кадрдык резервинин түзүлүү тизмегине толуктоолор киргизилмекчи. Бул резерв билим берүү тармагында лицензиясы бар юридикалык жактарды чакырып бажы кызматкерлерин окутуп турмакчы.