Үстүбүздөгү жылдын сентябрынын акырында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри КР Өкмөтүнүн “Товарларды эркин бажы аймагынын бажы жол-жобосунда жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасагандыгы үчүн бажылык жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө” токтомуна кол койгон.
КР Өкмөтүнүн бул токтому Эркин экономикалык аймактын субъекттери үчүн “Эркин бажы аймагы” бажы жол-жобосунда жайгаштырылуучу товарларды ташып келүүдө бажы наркынын 0,25 %ы өлчөмүндө бажы жыйымын жокко чыгарууну карайт.
Ушул убакка чейин Эркин экономикалык аймактын бир эле субъекти бажы төлөмүн эки жолу төлөп келген: товарларды эркин бажы аймагынын бажы жол-жобосунда жайгаштырууда жана Эркин экономикалык аймактан даяр өнүмдү чыгарууда.
Натыйжада өнүмдөрдүн баасы жогору болуп, атаандаштыкка туруштук бере албай келген.
Бул токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет.