• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бажы биримдигинин «Сүт жана сүт азыктарынын копсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти

img_9022

👁 661

(ТР ББ 0332013)

(2017-жылдын 20-декабрындагы өзгөртүүлөр менен)

____________________________________________________________________

Өзгөртүүлөр киргизилген документ:

ЕЭКтин кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы N 86- чечими (Евразиялык экономикалык биримдиктин расмий сайты www.eaeunion.org, 26.12.2017) (2017-жылдын 1-июлундагы укуктук мамилелерге карата колдонулат).

Бул техникалык регламент Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы техникалык жөнгө салуунун бирдиктүу принциптери жана эрежелери тууралуу Макулдашууга ылайык иштелип чыккан.

Бул техникалык регламент Бажы биримдигинин аймагында чыгарылган жана сатылган сүттөргө жана сүт азыктарына болгон коопсуздук талаптарын колдонууну жана аткарууну, Бажы биримдигинин аймагында аларды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, жок кылуу процесстерин жана сүт азыктарын маркировкалоо, таңгактоо боюнча коопсуздук талаптарын жөнгө салууну, алардын эркин айлануусун жөнгө салат.

  1. Колдонуу чөйрөсү
  2. Бул техникалык регламент Бажы биримдигинин аймагында сүт жана сүт азыктарын өндүрүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда жана жок кылууда адамдардын ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарлардын саламаттыгын коргоону камсыз кылуу, ошондой эле керектөөчүлөрдү адаштырган аракеттердин алдын алуу максатында иштелип чыккан.

  1. Бул техникалык регламент Бажы биримдигинин аймагында сатылууга багытталган сүт жана сүт азыктарына колдонулат. Анын ичинде:

а) чийки сүт – чийки майсыз сүт (чийки жана термикалык иштетүүдөн өткөн) – кам каймак (чийки жана термикалык иштетүүдөн өткөн) — сырье;

б) сүт азыктары, анын ичинен:

сүт азыктары;

курамында сүт бар азыктар;

сүттү кайра иштетүүдөн алынган азыктар;

(0 –3 жашка) чейинки наристелер үчүн сүт азыгы, мектепке чейинки балдарга (3−6 жаш), мектеп жашындагы (6 жаштан жогору) балдар үчүн атайын даярдалган сүт аралашмалары, кычкыл сүт азыктары, колдонууга даяр болгон сүт ботколору (үй шартында суу кошуп даярдоочу);

в) сүттү жана сүт азыктарын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана жок кылуу процесстери;

г) сүттү кайра иштетүү үчүн керек болгон компоненттер.

3. Бул техникалык регламент төмөнку азыктарга таасир бербейт:

а) сүттүн жана сүт азыктарынын негизинде жасалган атайын тамакта (балдарга багытталган тамактардан сырткары);

б) сүттүн жана сүт азыктарынын негизинде жасалган кулинардык жана кондитердик азыктар, биологиялык активдүү кошулмалар, дары каражаттары, малга тоют, жегенге болбогон товарлар;

в) жарандар үй шартында алган жана жеке шартта колдоно турган жана (же) аны сактоо, ташуу, сатуу жана жок кылуу Бажы биримдигинин аймагында жүргүзүлбөгөн сүт жана сүт азыктары.

  1. Бул “Тангактоо коопсуздугу жөнүндө” » (ТР ТС 0052011), Бажы союзунун Комиссиянын 2011-жылдын 16-августундагы №769 Чечими менен бекитилген ( мындан ары- “Упаковкалоо коопсуздугу жөнүндө” (ТР ТС 0052011) техникалык регламентинин жана Бажы союзунун 2011-жылдын 9-декабрындагы Бажы союзунун Комиссиясынын №881 Чечими менен бекитилген (мындан ары -“Тамак-аш продукциясынын маркировкалоо бөлүгү” техникалык регламенти (ТР ТС 0222011), Бажы союзунун “Тамак-аш продукциясын маркировкалоо бөлүгү” (ТР ТС 0222011) техникалык регламентин толуктоочу, Бажы союзунун бажы аймагындагы сүт жана сүт азыктарын маркировкалоо жана упаковкалоо талаптарында милдеттүү түрдө колдонуучу жана аткарылуучу техникалык регламент болуп саналат.

(уландысы котормодо)

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости