• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бажы биримдигинин КР аймагындагы техникалык регламенттери.

dsc01184

👁 1,109

2017-жылдын апрель айында КРнын Экономика министрлигинде “Кыргыз Республикасынын аймагында Бажы биримдигинин техникалык регламентинин күчүнө кирүүсү менен техникалык жөнгө салуу жана санитардык жана фитосанитардык чараларды кабыл алуу боюнча ЕАЭБдин келишиминде жана ЕАЭБдеги башка укуктук актылар боюнча Кыргыз Республикасынын укуктук-нормативдик актыларын кабыл алуу” боюнча жыйын өттү.

Ошондой эле КРнын улуттук мыйзамынын жана санитардык жана фитосанитардык чараларды кабыл алуунун ортосундагы катышы боюнча презентация болду.

КРнын ЕАЭБге кирүүсү төмөнкүлөрдү билдирет:

–КРнын бажы аймагы (рынок) – ЕАЭБдин бөлүгү;

–Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан менен болгон бажы чек аралары – ЕАЭБдин бажы чек аралары;

- КРдан ЕАЭБге жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн КРГа товар ташууда бажы жана башка текшерүүлөр жоюлат;

–КРга үчүнчү өлкөлөрдөн товар ташуу – ЕАЭБде айлануучу өнүмдөрдү чыгаруу.

ЕАЭБде айлануучу өнүмдөрдү чыгаруу деген эмне?

–ЕАЭБ рыногуна уруксат берүү;

–ЕАЭБдин рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу.

Өнүмдү ташуу (анын ичинде өндүрүүчүнүн кампасынын товарды жөнөтүү) ЕАЭБдин аймагында жайылтуу максатында жүрөт.

Кыргыз Республикасынын жүк жекирүү ыкмаларын техникалык жөнгө салуу тармагында;

12.08.17 тартып КРда Бажы биримдигинин 18 техникалык регламенти күчүнө кирет. Бул төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

–Ушул күндөн тарта КРнын укуктук-нормативдик актыларына туура келген, өнүмдөрдүн талаптарга шайкештиги тууралуу баалоо боюнча документтерди берүү же кабыл алууга тыюу салынат.

2017-жылдын 12-августуна чейин берилген КРнын укуктук-нормативдик актыларына туура келген, өнүмдөрдүн талаптарга шайкештигин баалоо боюнча документтери алардын мөөнөтү бүткүчө жарайт, бирок бул документтер 2019-жылдын 12-августунан кийин жараксыз. Башкача айтканда, 2019-жылдын 12-августуна чейин КРнын укуктук-нормативдик актыларына туура келген, өнүмдөрдүн талаптарга шайкештигин баалоо документтери бар өнүмдөр айланууга киргизилет. Бирок:

–Көрсөтүлгөн өнүм КРнын техникалык регламентине туура келери тууралуу маркировка болот.

- Мындай өнүмдөрдү маркировкалоо ЕАЭБдеги мүчө мамлекеттердеги белги менен маркировкаланбайт.

КРнын мыйзамдарына ылайык, шайкештиги тууралуу баалоо документтери бар айланууга чыккан өнүмдөр өнүмдүн колдонуу мөөнөтүнө чейин жарамдуу.

ЕАЭБдин алкагында техникалык жөнгө салуу жана санитардык жана фитосанитардык чаралар.

ЕЭК белгилөөгө укуктуу:

–ЕАЭБдин бажы аймагында жана бажы чек арасында карантин коюлган өнүмдөрдү аныктоого жана фитосанитардык текшерүүгө:

- ЕАЭБдеги бирдиктүү карантин мекемелерин аныктоого;

–Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарды коюуга;

–Өсүмдүктөргө болгон карантиндин бирдиктүү нормаларын жана эрежелерин орнотууга;

- ЕАЭБдин бажы аймагында жана бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;

- Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча (фитосанитардык текшерүүчү посттор) пункттардын материалдык-техникалык камсыз болуусун талап кылууга:

–Убактылуу карантин чараларын киргизүүдө мүчө мамлекеттердин карым-катнашын түзүүгө;

- ЕАЭБдин алкагында санитардык жана фитосанитардык техникалык жөнгө салуу чаралары. Ветеринардык чаралар;

–Ветеринардык текшерүүгө тиешелүү болгон товарлардын бирдиктүү тизмесин түзүүгө;

- Ветеринардык текшерүүгө тиешелүү болгон товарлардын ЕАЭБдеги бирдиктүү талаптарын коюуга;

- ЕАЭБдеги бажы аймагында жана бажы чек арасында бирдиктүү ветеринардык текшерүүлөрдү жүргүзүү;

- Ветеринардык текшерүү жүргүзүү учурунда лабораториялык изилдөө учурунда бирдиктүү ыкманы жана эрежени пайдалануу;

- ЕАЭБдеги ветеринардык сертификаттардын бирдиктүү формасы;

- Ветеринардык текшерүүгө тиешелүү болгон мекемелерде бирдиктүү расмий аудит жүргүзүү;

- ЕАЭБдин аймагында ветеринардык дарылардын, тоют кошулмаларын, дезинфекция кылуучу каражаттардын айлануусун жөнгө салуу үчүн бирдиктүү эрежелер:

- Убактылуу ветеринардык текшерүү жүргүзүүдө лабораториялык изилдөөлөрдө бирдиктүү ыкманы колдонуу;

–бактылуу ветеринардык-санитардык чараларды киргизүүдө мүчө-мамлекеттердин карым-катнашы;

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында текшерүүгө тиешелүү болгон товарлар улуттук мыйзамга ылайык айланат.

ЕАЭБдин алкагында КРдагы санитардык жана фитосанитардык чараларды техникалык жөнгө салуу системасы. Техникалык жөнгө салуу.

ЕАЭБде техникалык жөнгө салуу принциптери:

ЕАЭБдин бирдиктүү тизмесине кирген өнүмдү аныктоо: мүчө-мамлекеттерде улуттук талаптар ЕАЭБдин техникалык регламентинде.

Техникалык регламенттин Бажы биримдигине мүчө-мамлекеттердин аймагында күчүнө кирүүсү:

–Өткөөл жоболордун бөлүгүнө тиешелүү;

- Өткөөл жоболордун мөөнөтү аяктаганда колдонулбайт.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер ЕАЭБдин техникалык регламенттерине шайкеш келген өнүмдүн айлануусун камсыз кылат:

–ЕАЭБдин техникалык регламентинде болгон талаптардан сырткары шайкештикти баалоочу талаптарды койбойт.

Жалпы жоболор:

ЕАЭБдеги техникалык регламенттеги талаптарды сактоо боюнча мамлекеттик текшерүү мүчө-мамлекеттердин мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

Аккредитациялоо тармагындагы эрежелер жана мамилелер эл аралык стандарттарга негизделет жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен аныкталат;

ЕЭК бекитет:

- Бажы биримдигинин техникалык регламенти колдонулуучу өнүмдөрдүн тизмесин;

- Бажы биримдигинин техникалык регламентин иштеп чыгуу жана кабыл алууну:

- Бажы биримдигинин техникалык регламентин (ЕАЭБ);

- ЕАЭБге шайкештикти баалоо боюнча сертификат берүүчү жана изилдөө жүргүзүүчү лабораториялардын бирдиктүү тизмесин түзүү;

- Бажы биримдигинин техникалык регламентине ылайык сертификат берүүнүн жана декларациянын бирдиктүү формасы;

- Бажы биримдигинин техникалык регламентке шайкештүүлүгүн баалоодо бирдиктүү схемаларды колдонуу тартиби;

- Тиешелүү бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо жобосу;

- Милдеттүү талаптар коюлган товарларды ЕАЭБдин аймагына ташуу;

–ЕАЭБдин техникалык регламентиндеги талаптарды сактоону камсыз кылуучу стандарттардын тартибин иштеп чыгуу;

- ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер арасында өнүмдүн айлануусунда бирдиктүү беги;

ЕАЭБдин алкагында санитардык жана фитосанитардык чараларды техникалык жөнгө салуу.

Бул тармактарда негизги нормативдик укуктар ЕЭКке тиешелүү.

ЕЭКтин актылары ЕАЭБдеги укуктардын бир бөлүгү болуп саналат жана мүчө-мамлекеттер сөзсүз түрдө колдонуусу керек.

ЕАЭБдин актылары улуттук мыйзам менен белгиленген актылардын жобосун камтыйт.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости