• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Базардагы өрт: Өрттөн жабыркаган 133 ишкердин тизмеси бекитилген

sab_5707

👁 424

2018-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарындагы «Ош базары» соода-рынок комплексинин жана Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарында 2018-жылдын 13-апрелинде орун алган өрт кесепетинен келтирилген зыянды баалоо боюнча Комиссиянын кезектеги кеңешмеси өттү. Жолугушууга вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун төрагалыгы астында өттү.

Вице-премьер-министр базарлардагы өрткө байланыштуу бардык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарылдыгын билдирди.

«Жабыркагандар – биздин жарандар, алар өз бүлөлөрүн багып, алынган кредиттерди төлөшү керек. Мындан тышкары, алар ишин баштоосу үчүн жаңы соода орундары керектелет», – деди ал.

Комиссия маалымдагандай, бүгүнкү күндө 133 ишкердин тизмеси бекитилген, алардын документтерин кабыл алуу Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясында жана Жалал-Абад шаарынын мэриясында 2018-жылдын 10-майына дейре жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү окуя болгон жерде жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, айтылган маалыматтар иликтөөнүн жүрүшү жана экспертизалардын өткөрүлүшүнө тийиштүү болду.

Андан соң Комиссия келтирилген финансылык зыянды жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулады. Мындан тышкары «Кепилдик фонд» ААКга кичи жана орто ишкердик субъектилерге «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте 1 млн сом суммасына дейре кепилдик берүү сунушталды. Тактап айтканда, бул Комиссия тарабынан бекитилген тизмеге жараша күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз эсептелген «Кепилдик фонд» ААК өнөктөштөрү болгон коммерциялык банктардын кредиттерине тийиштүү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы жабыркагандардын бекитилген тизмесин алган соң, аны кредиттерди пролонгациялоо боюнча андан аркы иштер үчүн коммерциялык банктарга жөнөтөт.

Рынок жетекчилерине жабыркаган жактардын чыгымын кайтаруу максатында соода орду үчүн акысына 1–2 жылга чейин 50 % жеңилдик берүү сунушталды.

«Сейтек» ЖЧК, «Берекет» ЖАК жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын жетекчилигине жабыркаган имараттардын жана соода аянтардын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин тездетүү сунушталды.

КР ИИМ Мамлекеттик сот-экспертизалык кызматына экспертизаларды өткөрүү ишин ыкчамдатуу тапшырылды.

КР Өкмөтүнө караштуу Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматына КР ИИМ менен биргеликте 2018-жылдын 10-майына дейре базарлардагы өрттүн себептерин аныктоо боюнча экспертизаны жыйынтыктоо тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигине жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына жана Жалал-Абад аймактык шаар куруу башкармалыгына 2018-жылдын 25-майына чейин мыйзамда каралган тартипте имараттарды калыбына келтирүү үчүн документтерди кароону жыйынтыктоо милдети коюлду.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости