• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Баткенде чек арачылар батирлүү болушту

333333333333333

👁 670

Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районунун Исфана шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматчылары үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышты.

Президент жаңы конуш ээлерин куттуктап, мамлекет чек арачылардын турмуш шартын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. “Мамлекет коопсуздугу чек арадан башталат. Ошондуктан бүгүн мен чек ара кызматчылары үчүн жаңы үйдүн ачылышына катышып жатканыма кубанып жатам. Акыркы жылдары мамлекет өз армиясына, чек арачыларга ар тараптан камкордук көрө баштады. Бул иште мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин эмгеги чоң. Биз мындан ары да Куралдуу күчтөрдү, анын ичинде Чек ара аскерлерин ар тараптан бекемдеп, аскер кызматчыларынын жашоо-тиричилигин, кызматтык шарттарын жакшыртабыз”, — деп белгиледи өлкө башчы.

Мамлекет башчысы кошуна өлкөлөр менен тынчтыкта жана ынтымакта жашап, көйгөйлөрдү сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү керектигин баса белгиледи.

“Алыскы туугандан – жакынкы коӊшу” дегендей, биз коӊшуларыбыз менен ынтымакта жашоону жактайбыз. Биздин чек араларыбыз жакшы коңшулардын, достуктун дарбазасына айланууга тийиш. Коңшу өлкөлөргө менин визитимдин жүрүшүндө Өзбекстандын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев менен биз көптөгөн маселелер боюнча өз ара кабыл ала турган чечимдерге жетише алдык. Мурда Өзбекстан менен чек аранын 85 % аныкталган. Биз бул багытта диалогду улантабыз. Тажикстан менен дагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жакшы нукта улантылууда”, –деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысы жаңы курулган үйдүн короосунда балдар ойной турган аянтча куруу үчүн 200 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Маалымдама: Баткен облусунун Исфана шаарындагы 24 батирлүү үйдүн курулушу 2016-жылдын ноябрь айында башталган. Территориянын жалпы аянты 1758 чарчы м, 2 кабаттуу, бир бөлмөлүү 18 жана эки бөлмөлүү 6 батир бар.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости