Бул сумманы сомго айландыра турган болсок баасы 1,7 млн сом болот.
Сүлүктү көмүр кени 3800 доллар же 257,5 миң сом деп бааланууда.
Аукцион 380 доллардан башталып, максималдуу 38 000 долларга чейин болушу керек.
Маалыматтарга ылайык, көмүрдүн 381190,5 тонна кору бар.
Кокин-Сай кени — 2300$ же 155,8 миң сом.
Аукцион 230 доллардан башталып, максималдуу 23 000 долларга чейин болушу керек.
Сүлүктү кени, Түндүк флангындагы шахтанын аймагы 2⁄8 —2233$ же 151,3 миң сом.
Аукцион 223 доллардан башталып, максималдуу 22 330 долларга чейин болушу керек.
Кору А+В+С1 категорияларында 73.0 миң т.
Сүлүктү күрөң көмүр кени, чыгыш аймагындагы шахтанын аймагы 6⁄18 —6154$ же 417 миң сом.
Аукцион 615 доллардан башталып, максималдуу 30 770 долларга чейин болушу керек.
Бул аймактагы кендин кору А категориясында 243.0 миң т.
“
Аксуу” кум-шагыл аймагы — 11000$ же 745,5 миң сом.
Аукцион 100 доллардан башталып, максималдуу 22 000 долларга чейин болушу керек.
Бул жакта чачылма чөкмөлөр бар. Алар талаада тилке болуп жайгашып, кеңдиги 1,6–2 чакырымды түзөт.
Аукцион 2017-жылдын 14-июнунда Сүлүктүдө болот.