• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Баткен облусунда 2018-жылы суу жетпеген жерлерге тамчылатып сугаруу ишке киргизилет

img_1443

👁 2,203

Баткен облусундагы экономикалык абал тууралуу билүү үчүн “Экономика” гезити облус жетекчилигине кайрылып жооп алдык.

393 млн сомго аткарылган иштер: Баткен шаарында 2017-жылда ишке ашкан долбоорлор

Баткен шаарында 2017-жылда жалпы суммасы 393 млн сомго жумуш аткарылды.

Республикалык бюджеттен 97 млн сом каралган. Мэриянын бюджетинен 18 млн сомдук жумуш аткарылган. Жеке ишкерлерден, чакан ишканалардан 41 млн сомдук, инвестиция тартуу менен 36 млн сомдук иштер аткарылды.

Билим берүү тармагы:

Билим берүү тармагы боюнча 25 млн сомдук жумуштар аткарылды. Кызыл-Жол жана С.Айтматов атындагы орто мектебинин ашканалары оңдоп-түздөөдөн өткөрүлүп, окуучулардын ысык тамак менен камсыздалышына шарт түзүлдү. В.Ленин атындагы орто мектебинин бир классынын полдору алмашып, мектептин биринчи кабатындагы эшик-терезелер жаңыланды. Жергиликтүү тургундардын, жеке ишкерлердин колдоосу менен Базар-Башы жана Кызыл-Жол кварталына жабык типтеги спорттук зал курулуп, салтанаттуу түрдө ачылды. Шаар аймагына ачык типте 10го жакын спорт аянтча курулган.

Өнөр жай жана курулуш тармагы:

Бул тармакта шаарда жалпы 23 млн 200 миң сомго ветеринардык лаборатория, өрткө каршы күрөшүү мекемелери ачылды. 57 млн сомго Кызыл-Жол кварталында 140 орундуу бала бакча курулууда. Элдин саламаттыгын сактоо үчүн шаарга 139 млн сомго поликлиника, 14 млн сомго биофабрика курулуп, пайдаланууга берилди. Шаар ичинде 4 км жолго асфальт төшөлдү. Шаардагы көчөлөргө тротуарлар жана суу ноолору курулуп, «Жаңы доорго 40 кадам» программасынын алкагында 10го жакын ишкана ачылып, 9 көчө жарыктандырылды. 2018-жылы дагы бир топ жумуштарды аткаруу пландалууда.

Айыл чарба тармагы:

Айыл чарбасы боюнча 2017-жылы баардык көрсөткүчтөр толугу менен аткарылды. Жылдын жыйынтыгы менен 11 млн сомго жакын инвестиция тартылды. Анын негизинде сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу, шаар элин айыл чарба продукциялары менен камсыздоодо күнөсканалар курулуп, шаардын бир топ тургундарына жумуш орун түзүлдү.

Финансы тармагы:

Өткөн жылы республикалык бюджеттен жана жергиликтүү бюджеттен коюлган пландар 100% аткарылып, 6–7 млн сомго өсүү менен жыйынтыкталды. Жергиликтүү бюджеттин 1 жылдык акчасы 2016-жылы 12,5 млн сомго аткарылса, 2017-жылы 18,5 млн сомго аткарылган. Быйылкы жылы 24–25 млн сомго жакын каражатты шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн сарптоо пландалууда. Президент быйылкы жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялап, анын алкагында республиканын аймагынан 20 шаар долбоорго киргизилип, анын катарына Баткен шаары да кошулган. Анын алкагында С.Айтматов орто мектеби, Кызыл-Жол орто мектеби, Кызыл-Дөң кварталына бала бакча жана 600 орундуу мектеп, Базар-Башы кварталына 140 орундуу бала бакча куруу пландалууда.

Лейлекте 70 млн сомго кичи ГЭС курулууда

Лейлек районунун Белес аймагында кичи ГЭС курулуп жатат.

Маалыматка караганда, 600 кВ/сааттык кичи ГЭС ишке киргенде 3 МГВ кошумча электр энергиясы өндүрүлөт. Аны менен катар Сары-Дөш жана Жаман-Жар аймактарынан 160 гектарга жакын жаңы сугат жерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Долбоордун жалпы сметалык баасы — 70 млн сом. Учурда ички инвестор тарабынан Кытайдан 30 млн сомдук турбогенератор алынып келди. Аталган долбоорду ишке ашыруу 2018–2020-жылдарга пландаштырылган. Анда 20га жакын жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болот.

Баткен шаарында жабык типтеги спорт аянтчасы курулууда

Баткен шаарында жабык типтеги спорт аянтчасы курулууда. Жалпы баасы 2 млн 800 миң сом болгон аянттын туурасы 46 метрди, узуну 48 метрди түзөт. Футбол аянтча ишке берилсе мектеп окуучуларына жакшы шарттар түзүлөт.

Кадамжай районунун элине суу жеткирүү үчүн тоодо туннель казылууда

Кадамжай районунун Кескен-Таш жана Кызыл-Булак айылынын элине таза суу жана сугат суу жеткирүү максатында Молдо-Нияз каналы курулууда. Кадамжай районунун Кескен-Таш жана Кызыл-Булак айылынын элине таза суу жана сугат суу жеткирүү максатында Молдо-Нияз каналы курулууда. Каналдын курулушуна 164 млн сом каралган болсо, учурда анын 60 млн сому каржыланган. Натыйжада Ак-Суу дарыясынан суу алып өтүү үчүн тоо ичине туннель казылууда.

Туннелдин жалпы узундугу 538 метр болот. Учурда анын 150 метри казылып бүттү.

Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторовдун айтымында, Кескен-Таш жана Кызыл-Булак айылдарынын элине суу жетпей, жергиликтүү калк жер астындагы сууну насос аркылуу тартып чыгарып, пайдаланып келишкен. Канал ишке берилсе 670 кожолук ичүүчү суу менен камсыз болуп, жалпы 1200 гектар жерге сугат суу жеткирилет. Курулушту 2018-жылдын май айына бүткөрүү пландалууда.

Кадамжайда Охна дарыясы 29 млн сомго тазаланууда

Кадамжай районунда CCCР мезгилинен бери тазаланбаган Охна дарыясы 29 млн сомго тазаланууда. Охна сайынын 7,5 чакырым аралыгы тазаланат. Дарыянын туурасы 23 метрге жетет. Азыр ӨКМ тарабынан шагылдар алынууда. Учурда 2 чакырымы бүткөрүлүп, 5,5 чакырымында иш кызуу жүрүүдө. Бул дарыя СССР убагынан бери тазаланбай, сел келгенде шагылга толуп, жергиликтүү тургундарга кооптуулук жаратып келген.

Исфана шаарына 6 млн сомдук грейдер алынды

Исфана шаарына 6 млн 180 миң сомдук грейдер алынган. Техниканы алууга АРИС тарабынан 4 млн 635 миң сом, Исфана мэриясы тарабынан 1 млн 545 миң сом акча бөлүнүп берилген.

Бул техника эми Исфана шаарынын калкына, шаарга караштуу жайыт жерлеринин жолдорун оңдоого кызмат көрсөтөт.

Кызыл-Кыя шаарындагы тамеки заводу 50 тонна тамеки кабыл алды

Тамеки заводу 2012-жылдан бери сырьёнун жана инвесторлордун жоктугунан иши токтоп турган завод капиталдык оңдоодон өтүп, кайрадан иштеп баштады. Завод 2017-жылдын май айынан баштап Литва мамлекетинин ишканасы менен келишим түзгөн. Учурда аймактагы дыйкандар өндүргөн тамекинин көлөмү 50 тоннага жетип, баары заводго алынды. Кийинки жылга завод 3000 тоннага чейин тамеки алууну пландоодо. Ал үчүн азыртадан дыйкандар менен келишим түзүлүп, алдын ала керектүү каражаттар берилип жатат.
Заводдо быйыл 100 адамга жумуш орун түзүлсө, келерки жылга жумушчулардын санын 500дү чамалайт жана алардын маянасы 10 миң сомдон жогору болот. Өндүрүлгөн продукция Европага экспорттолот. Завод 20 миң тоннага продукцияны иштетүүгө ылайыкташтырылган. Бул ишканага жалаң эле Кызыл-Кыя шаарынын эмес, Кадамжай районунун, Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун дыйкандары өндүргөн тамекисин тапшырышкан.

Баткендеги ооруканага медициналык жабдыктар алынды

2018-жылдын 27-январында Баткен облустук биргелешкен ооруканасына Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан медициналык жабдыктар алынып келинди. Жабдыктар: 3 даана iMEC 10 жабдыгы, Beneheart D6 дефибрилятору алынды. Алардын баасы 1 млн 772 миң 801 сомду түзөт. Бул жабдыктар менен жүрөктүн согушун, дем алууну текшерсе болот.

Жаңы-Жер айылында мал дарылоочу жай иштей баштады

Баткен районун Жаңы-Жер айылында мал дарылоочу жай иштей баштады.

Учурда мал эмдөөнүн экинчи этабы аяктап, жалпы 1500дөй мал эмдөөдөн өткөрүлдү. 240 миң сом сарпталып, анын 25%ы жергиликтүүлөр тарабынан, 75%ы АРИС тарабынан каржыланган.

Идентификацияланбаган малды саткандарга айыптар салына баштады

Баткен районунун аймагында 35 миңден ашуун бодо мал идентификациядан өткөрүлдү.

Баткен райондук ветеринардык башкармалыгы билдиргендей, учурда ветеринардык тактамасы жок мал базарларга киргизилбей жатат. Мындай талап 1-январдан тарта күчүнө кирген. Учурда адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Бирок мындай шарттар мал сатуучулардын нараазычылыгын жаратууда. Анткени алыскы аймакта жашагандар түн ичинде базарга жөнөшкөндүктөн тактама кагаз алууга мүмкүнчүлүк болбой же «адистин өзүн таппай калабыз» дешет. Ошол себептен ветеринардык тактама кагазын базар ичинен эле беришсе дешет.
Базар чек арага жакын болгондуктан коңшу Өзбекстан жана Тажикстанга да малдар сатылып келген. Мындан ары чет өлкөлөргө сатылуучу малдын биркасы ээси тарабынан сөзсүз түрдө алынышы керек. Антпесе кошуна өлкөгө сатылган мал кайра Кыргызстандын жайыттарына чыгып кетүү коркунучу бар. Идентификациядан өтпөгөн жана тактама кагазы жок малды сатууда 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынат.

Баткен облусунда 2018-жылда аткарыла турган иштер

Ар бир аймактын климаттык шартын, өзгөчөлөгүн жана талаптарын эске алып, айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселеси каралды. Билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелериндеги шарттарды жакшыртуу да талкууланды.

Ошондой эле, дыйкан-фермерлерге, ишкерлерге түзүлүп жаткан жеңилдиктер, миграцияны токтотуу, иш орундарын түзүү маселелери боюнча чараларды көрүү пландалды. Агрардык аймак болуп саналган облустун аймагында эгин талаалардын аянтын кеңейтүү, суу тартыш аймактарда тамчылатып сугаруу системасын жайылтууну колго алуу зарылдыгы да каралат.
Мындай талкуу облус жетекчиси, акимдер, мэрлер жана айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөрүлгөн.

Наргиза Өмүрбек кызы

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости