Учурда Бишкекте, шаар борборунда батирлерди сааттык жана суткалык мейманкана катары берүү күч алган.
Мындай кызматтан командировкага келгендер гана эмес, курч сезимдерди сүйгөндөр дагы колдонууда.
Мындай көрүнүш Бишкекте эле кездешпейт.
Президент Алмазбек Атамбаев “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексин өзгөртүү” боюнча мыйзамга кол койду.
Бул мыйзамга ылайык, көп кабаттуу үйлөрдө сааттык жана суткалык мейманкана катары берилген батирлерди тиешелүү органдар тескемекчи.
Ал эми батирлерди негизсиз берген адамдарга айыппул салынмакчы. Жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 70, кызмат адамдарына 90, юридикалык жактарга 700 өлчөмүндө айыппул салынат.
ЭКОНОМИКА кыймылсыз мүлк базарындагы бааларга, батирлер суткасына канчага берилерине кызыгып көрдү. Бишкекте баалар жайгашкан аймагына жараша 500 сомдон башталып, 1500 сомго чейин жетет экен. Ал эми облус борборлорунда арзаныраак, ал жакта 200 сомго бир саатка батир тапса болору белгилүү болду.
Кыргызстан боюнча батирлер суткасына 1000 сомдон 5000 сомго чейин берилет экен.
Орточо эсеп менен бир айга бир топ эле акча чыгат экен. Ал эми Бишкекте үйлөр район болуп берилип жатканын эске алсак, 9 кабаттуу үйлөр айына 7 500 000 сом киреше алып келет экен. Бул акчалар эсепке алынбагандыктан бюджетке эч кандай пайда түшпөйт, себеби өз кирешелерин жашырган жарандар салык төлөшпөйт.