• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Башкы прокуратурага 250 млн сом бөлүнүшү тууралуу өкмөт тийиштүү түшүндүрмө берди

20140613_142604

👁 980

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү бир катар маалымат агенттиктериндеги Кыргыз Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 250 млн сом бөлүнүшү тууралуу билдирүүлөргө байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 2017-жылы «Альфа-Телеком» ЖАК жана «Brasfortlimited» Компаниясы ортосунда түзүлгөн насыялык келишим боюнча мыйзам бузуу аныкталган. Жыйынтыгында 5 млрд 416 млн сом өлчөмүндөгү мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган.

«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, прокуратура органдарына мамлекетке келтирилген зыяндын суммасынын жана прокурордун доо арызы боюнча соттун чечими менен кайтарылган акча каражаттарынын 30 % алуу укугу берилет.

Бишкек шаардык райондор аралык соту 2017-жылдын 4-майындагы чечими менен келтирилген зыяндын 1 млрд 624 млн сом суммасын (30%) прокуратура органдарына төлөп берүү токтомун чыгарган.

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы №415-б буйругуна ылайык, 250 млн сом өлчөмүндөгү сумма Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган.

Буга катар, Башкы прокуратурага иш жүзүндө 47,1 млн сом бөлүнгөн, бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018–2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилген.
Аталган каражат прокуратура орган кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн, тактап айтканда, административдик имараттарды жана прокуратура органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн кызматтык турак-жайларын куруу жана оңдоо, форма тигүү, ошондой эле компьютердик техника алууга багытталган.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости