Башкы прокуратура 25-июндан тартып бир ай сыноо режиминде «WhatsApp» мессенжерин ишке киргизет. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта “Укуктук колдоо” түз байланышы жарандардын кайрылууларына, кеңеш сураганына ыкчам жооп берүүгө багытталганы айтылат.
Түшкөн суроолорго Башкы прокуратуранын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана аймактагы прокурорлор да жооп беришет.