Мунун натыйжасында өндүрүштүк кадрларды жоготтук (долбоорлордон көп каражат таап жатканда инженер болуп эмне кереги бар!) жана көз карандылык пайда болду. Донорлор бизге туруктуу болуп жана алар Кыргызстандан кеткенден кийин өз күчүбүз менен каражат табуубуз керек экенин айтып келгени менен башка бирөөнүн эсебинен жашоо коркунучтуу вируска айланып калгандай.
Глобалдык фонддун акчалары көптөгөн жылдардан бери Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына коротулуп келет. Бирок 2017-жылдан тарта Глобалдык фонд Кыргызстанды каржылоону этап менен кыскарта баштайт. Глобалдык фонд Кыргызстандан акырындан кетип жатканы жана алгач каржылоо эки эсеге азайары тууралуу 2016-жылдын акырында билдирүү келген. Ал эми бара-бара каржылоо такыр токтой турганы турган иш.
Эми ВИЧ/СПИД жана кургак учук менен ооруган Кыргызстандын жарандары кайсы акчага дарыланышат?
2017-жылдын 1-январында Кыргызстанда ВИЧ менен жабыркаган 7100 адам катталган. 2016-жылдын 1-январына карата алардын саны 6,4 миң адам болчу, алардын ичинен 554ү балдар болсо, 831 адам СПИД менен ооруйт.
Бул оорунун жыл санап өсүп жатканы тууралуу кайгылуу статистика тынчсыздандырбай койбойт. Акыркы 10 жылда Кыргызстанда ВИЧ менен ооругандардын саны 8 эсеге өскөн.
«СПИД» республикалык борборунун директору Улан Кадырбеков Кыргызстанда эпидемия бар экендиги тууралуу айтса болорун билдирди, бирок азыр ал концентрацияланган абалда. Башкача айтканда, негизинен маңзатын ийне аркылуу сайынуучулар, кургак учук менен ооругандар сыяктуу аялуу катмарларда бул оору көп байкалат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасына ылайык, оорулар коомчулукка чыкканда эпидемияны көзөмөлдөө мүмкүн болбой калат.
“Кургак учук боюнча абал да начарлады. 1-январга карата 1653 адамдын иммунитети төмөндөгөндүктөн кургак учукка кабылган.2016-жылы ооругандардын саны 178 адамга көбөйгөн, алардын 169у кургак учукка каршы дарылоодон өтүшсө, 29 адам көз жумган”,-деди Улан Кадырбеков.
2018–2020-жылдарга карата Глобалдык фонд ар жыл сайын 3,7 млн доллар бөлөт. Бул сумма 2014-жылга салыштырмалуу эки эсеге, 2016-жылга салыштырмалуу 1,9 млн долларга аз.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдиргендей, бейтаптардын санынын өсүп жатканына жана каржылоонун азайып жатканына байланыштуу дарылардын тартыштыгы болушу ыктымал. Бүгүнкү күнү расмий каттоодон өтпөгөн оорулуулар дагы көп.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин билдиргендей, расмий катталгандардын ичинен 3000ден ашуун адам дарылоого муктаж. Бул дал ушул бейтаптарга эле келерки жылы 2 млн доллар жетпей калат дегенди билдирет.
Каржылоо болбой калгандан кийин абал кандай болору тууралуу мисал издеп алыска барбай эле коёлу. Өзгөчө маанилүү болгон дары-дармектерди сатып алууга каражат албай калган Россия Федерациясындагы Алтайды карап көрөлү. Адамдар дарыга жетпей келишет.
Эгерде абал ушул бойдон кала турган болсо бир бейтапты дарылоо үчүн 200 доллар эмес 3000 доллар керек болот, себеби дарылоо үзгүлтүккө учурап калса дарыга туруштук берүүчү оору пайда болот. Демек, аларды дарылоодо өтө күчтүү дарылар жана жаңы схемалар керек болот. Жөнөкөй жарандар үй-бүлөлүк бюджеттен 200–300 доллар таба албай жатышса миңдеген долларларды кайдан табышат?
Ал саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону кыскартууда.
Саламаттыкты сактоо министрлиги алдындагы Коомдук кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев 2015-жылы саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо 777 млн сомго кыскарганын билдирди.
КРнын өкмөтүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти Анара Ешходжаева ВИЧ менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыкканын айтат. Анын алкагында каржылоо мамлекеттик бюджеттен болуусуна акырындан өтүү тууралуу жол картасы иштелип чыгууда.
Документ Экономика жана Финансы министрликтери менен макулдашылат жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Мамлекет алакан жайып а балким деп отура бербеши керек! Реалдуулукка тике кароо зарыл: оорулуу кыргызстандыктарга дары үчүн жыл сайын 4 миллион доллар керек!
Мамлекеттик программа өкмөт тарабынан бекитиле элек. Эксперттер муну аз убакыттын ичинде ишке ашыруу керек деп санашат.
“Приоритеттерди тандоого убакыт келди. Балким мамлекет азыр 1 млн долларды алдын алуу программаларына жумшайт чыгар, себеби оору күч алып кетсе эпидемияны жоюуга бир топ көп каражат керек”,-дейт Улан Кадырбеков.
“Кыргызстанды көзөмөлгө ала албагыдай эпидемия капташы мүмкүн, ал генофондго жана калктын жашоосуна, ден соолугуна терс таасирин тийгизет”,-деп келишет адистер.
Ирина Байрамукова