Казакстан, 2010−2020-жылдар
Бюджети канча болорун жеке инвестицияларды тартуу менен акимиаттар чечет.
Ким көзөмөлдөп, ишке ашырат: акимиаттар
Астанада “авариялык үйлөрдү бузуу” деп аталган пилоттук долбоорду ишке киргизишкен, анын алкагында өкмөт эки кабаттуу жана төрт кабаттуу 228 үйдү бузуу тапшырмасын берген. Маселе жараткан айрым үйлөрдү 2017-жылдын акырына чейин сүрдүрүү керектиги белгиленген долбоордо. Алматынын акимиаты 2017–2024-жылдары 1000ден ашуун эски үйлөрдү сүрдүрүүнү пландоодо. Анын натыйжасында 10 мин алматылык үй-бүлөлөр жашоо шарттарын жакшыртып, жаңы беш жана тогуз кабаттуу үйлөргө киришет. Курулуш иштеринен сырткары жаңы бала бакчалар курулуп, мектептерди кеңейтүү пландалууда.
Чыгыш ГерманияБерлин. 1990-жыл
Канча турат: 7 млрд евро
Ким көзөмөлдөп, ишке ашырат: “Чыгыш Берлиндин станциясын оңдоо” программасынын алкагында немис өкмөтү.
Маселени чечүүгө немис архитекторлору тартылган. Долбоорду Крым көпүрөсүнүн жана стадиондун автору Лужники Александр Власов жана Сергей Чернышев жетектешкен. Алар азыркы күнгө чейин колдонууда жүргөн МГУну курушкан. Турак-жай программасы 1970-жылдары башталып, 10 жыл ичинде барак тибиндеги үйлөргө Чыгыш Берлинден жарым миллионго жакын адамдар көчүп келишкен. Өлкөдө жалпысынан 2 млн батир курулган. Бирок алардын ашканасы чакан, жуунуучу бөлмөсү, балкондору тар жана тепкичтери жайгашкан жердерде терезелери жок эле. 1990-жылдары турак-жай фонду оңдоо иштерин жүргүзүүнү чечишкен. Иликтөөлөрдүн натыйжасында көп кабаттуу үйлөрдү кайрадан оңдоо тууралуу чечимди ар бир тургун өзү кабыл алып, иштерди жүргүзүү жана каржылоо маселеси боюнча дагы өзү жоопкер болгон.
Кытай, 1990-жыл
Канча турат: 40 млн доллардан ашуун
Ким көзөмөлдөп, ишке ашырат: Мамлекеттик салыктык жеңилдик алган муниципалитет жана девелоперлер.
1980-жылы Кытайдын турак-жай фонду мекемелер өтө эскирип, заманбап талаптарга жооп бербей калганы тууралуу коңгуроо каккан. Мекемелерге кызмат көрсөтүү жана ижара акысы да өтө аз болгондугу абалды ого бетер курчуткан. Бир убактарда кытай жумушчулары бекер алган үйлөрдүн абалы өтө начар эле.
Кытайдын жашоочулары өтө тар үйлөрдө күн кечирип келишкен. 80-жылдары Пекиндин бир тургунуна 8 метр жашоочу аймак туура келчү. Үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгүнүн ашканасы, өзүнүн дааратканасы жок болуп жада калса суу түтүктөрү дагы жок эле.
1980-жылдардын акырында “Эски жана урап бара жаткан имараттарды кайра куруу боюнча турак-жай программасы” деп аталган долбоор ишке киришкен. Жакшылап иликтегенден кийин гана имараттар сүрдүрүлө баштаган. Натыйжада шаарда экономикалык өсүш байкалып, курулуш заманбап индустрияга айланган. 2000-жылкы эсеп боюнча жаңы турак-жай фондуна 1 200 000 адам жайгашкан.
Бразилия, 2000−2010-жылдар
Канча турат: 55 млрд доллардан ашуун
Ким көзөмөлдөп, ишке ашырат: Бразилиянын финансы министрлиги жана мамлекеттик банк.
Бразилиянын символу катары самын операсы, Иисустун эстелиги жана фавелалар саналат. Кембагалдарга кам көрүү кулчулук жоюлгандан кийин 10 жылдан соң башталган. ХХ кылымдын башында айылдан чыккан кедейлер жана иммигранттар ири шаарларга көчүп келе башташкан. Жашаганга үйлөрү жок болуп, барзилиялыктар колунда бар нерселер менен курулуш иштерин башташкан. Бул абдан жандуу болуп, кооз көрүнүп калган.
Жеткиликтүү турак-жай куруу программасына жарандардын 8 категориясы кирген, ал эми курулушту 3 этапка бөлгөн. Жакыр жашаган жашоочуларга үстөк пайызы жок насыялар берилип, айына 9 доллардан төлөп туруу милдеттендирилген. Ал эми колунда барлар үчүн үстөк пайыз 5%дан ашкан эмес. Долбоордун алкагында миллионго жакын батирлерди куруу пландалууда.
Кыргызстан…
Бул боюнча иштерди ким жана кантип алып барып жатканы тууралуу кийинки материалдарда жазабыз.