• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Баркли Медовая долина» кыргызстандыктар үчүн.

6fbd0ce37164d15a0c50b8dbcd65edae

👁 1,316

Биздин мекендештер акча табуу үчүн чет жакка кетишип, алар үчүн турак-жай маселеси курч бойдон калып келет, өзгөчө Москвада.

ЭКОНОМИКАнын редакциясы Новая Москвада жеткиликтүү баада, Бишкектегидей баада турак-жай курган курулуш компаниясын тапты.

Батирлердин аянты 21ден 83 чарчы метрге чейин. Баасы 2 млн рублдан башталат. ЭКОНОМИКА бир топ суроолорго жооп алды, көпчүлүк үчүн бул кызыктуу болот деген ойдобуз.

Айтсаңыз, сиздердин курулуш эмнеси менен тартып турат? Силердин артыкчылыгыңар эмнеде?

«Баркли Медовая долина» комплекси – бул жеткиликтүү баадагы жогорку класстагы заманбап батирлер. Турак-жай комплексинин архитектурасы жана көрктөндүрүү иштери KuiperCompagnons — Арьена де Грота деп аталган голландиялык бюронун жетекчилиги алдында иштелип чыккан.

Турак-жай комплекси Новая Москвада Киев метросунан 40 мүнөт узактыкта жайгашкан. «Баркли Медовая долина» Крёкшино деп аталган айылда жайгашкан. Ал жердин табийгаты кооз жана тарыхы өтө бай. Комплекстен жөө басып темир жол станциясына барса болот.

Турак-жай комплексинде ыңгайлуу жашаш үчүн кардарга эмне керек болсо баары бар жана бир топ кошумча артыкчылыктар каралган. Москвада каттоо. Курулуштун сапаттуулугу. Ичинин жасалгасы 3 стилде: скандинавиялык минимализм, заманбап классика жана фьюжн.

Үй ээлери үчүн аймакта бардык шарттар түзүлмөкчү. Социалдык инфраструктура дагы долбоорго киргизилген.

Жашоочулар үчүн дүкөндөр, ресторандар, дарыканалар, ооруканалар жана мектептер курулмакчы. Турак-жай комплексинин башкаларга кирүүгө болбогон жабык жагында бала бакча курулат. Мындан сырткары, соода борборунун курулушу күтүлүүдө. Суунун сапатын текшерип туруу үчүн комплексте атайын сууну бөлүштүрүүчү жай курулат.

- Силердин ипотекалык программаңар тууралуу айтып берсеңер. Кайсы банктар менен кызматташасыңар? Сиздердин турак-жай комплексинен батирлерди узартуу менен акысын төлөп (рассрочка) алса болобу? Энелик капиталдык, субсидия ипотекасын колдонупчу?

-«Баркли» корпорациясы Сбербанк, Россельхозбанк, ВТБ, Банк Москвы, ТрансКапиталБанк, Металлинвестбанк, Открытие, Промсвязьбанк, Газпромбанк, ДельтаКредит, Московский Индустриальный Банк, АИЖК, Райффайзенбанк сыяктуу банктар менен иш алып барат.

Сатып алуучулар үчүн аскердик ипотека каралган. Турак-жай комплекси Россиянын Сбербанкынын «Росвоенипотека» программасы аркылуу аккредитация болгон. «Баркли Медовая Долина» комплексин куруу биринчи кезекте Газпромбанктын «Военная ипотека» программасы аркылуу аккредитация болгон.

–Келишимдин кандай түрүн колдоносуңар?

-«Баркли» корпорациясы кардарлары менен үлүштүк келишим түзүшөт.
–Силер куруп жаткан батирлер сырттан келген үндөрдүн жаңырып угулушун алдын алганбы?
–Жашоочулар өздөрүн ыңгайлуу сезүүсү үчүн 30 дан 35 Дбге чейин үндөн коруучу терезелер коюлуп жатат.

–Канча кабаттуу үйлөр курулат?

-«Баркли Медовая Долина» комплексинде 4төн 7 кабатка чейинки үйлөр курулмакчы. Комплексте жалпысынан 9 үй болот.
–Жалпы жашоочулар колдонуусу үчүн кандай жайлар бар жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн эмнелер каралган?
–Биринчи кабаттарында коммерциялык жайлар болмокчу, ал жакта социалдык инфраструктура орун алат. Холлдордо болсо коляскаларды, таштанды үчүн челектерди коюучу жайлар жана консьержа отуруучу жей болот. Коляскаларды, сопрт жабдууларын сактоочу жайлар болот.

–Силердин үйлөрдө ичин жасалгалоо караганбы? Кандай түрлөрү бар.

-«Баркли Медовая Долина» батирлеринин жасалгасы 3 стилде: скандинавиялык минимализм, заманбап классика жана фьюжн болмокчу.

–Бир бөлмөлүү батирлердин аянты канча болот?

–21 чарчы метр.

–Максималдуу түрдө канча бөлмөлүү батирлер болмокчу?

–Батирлердеги бөлмөлөрдүн көбү 3 бөлмө.

–Эркин пландалган батирлер барбы?

–Жок.
–Долбоордун алкагында кандай инфраструктуралар каралган (мектептер, бала бакчалар, балдар аянтчалары ж.б)?
-«Баркли Медовая долина» турак-жай комплексинин аймагында жеке бала бакча, ойночу аянттар, соода борбору жайгашмакчы.

–Сырткы инфраструктура канчалык өнүккөн?

- «Баркли Медовая долина» комплекси жайгашкан Крёкшино айылы Новая Москванын борбору болуп саналат жана ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар бар. Биздин комплекстин жашоочулары көңүл ачуучу жайлардан, соода-сатык кылууда, балдарына билим берүүдө эч кыйналбайт. Жакын эле жерде дүкөндөр, дарыканалар, оорукана, ресторандар жана тез тамактануучу жайлар курулат. Москвадан Крёкшиного келе жаткан жолдо супремаркеттер, соода жана көңүл ачуучу жайлар, METRO жана Vnukovo Outlet Village гипермаркеттери жайгашкан.

–Силердин турак-жайдын аймагында коопсуздук сакталабы? Видеобайкоо барбы? Аймак кайтарылабы?

–Жабык аймак, видеобайкоо, консьерждер. Турак-жай комплексинде “Унаасыз короо” концепциясы ишке ашырылган. Кыйгач жолдордо жана капталдарда 1000 унаага ылайык токтотуучу орундар бар.

ЭКОНОМИКА биздин мекендештер үчүн бир нече макала даярдамай болду. Мындан ары биз жарандыкты кантип алуу керектиги, каттоого кантип туруу зарылдыгы жана башка маселелер тууралуу айтып беребиз, бул болсо биздин мигранттарга жакшы шарттарда иштөөгө көмөкчү болот.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости