Бул жөнөкөй эле себептен улам болот. Эгер буга чейин кредиторлор заемщиктен кыймылсыз мүлкүн сотсуз эле алып койсо, мыйзамга түзөтүү киргизилгенден кийин камак, баалоо жана тартып алуу соттун тыянагы чыккандан кийин болот.
КРнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкер кеңеши мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү сунушу менен чыкты. Маселе башкада.
Мамлекет коррупция менен күрөшүүгө жана жарандардын турмушун жеңилдетүүгө аракет кылууда. Бирок банктар өздөрүнүн кызыкчылыгын коргошот жана албетте, тобокелчиликтерди коргоо маселесин иштеп чыгышат, демек, карапайым адамдарга кредит берүүнүн шарттары татаалдашат.