• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Банктан насыя алуу үчүн бизнес планды кантип туура түзүү керек?

pexels-photo-68562

👁 2,876

Иш баштоону каалаган көпчүлүк ишкерлер насыя алууну каалашат, бирок иш бизнес план жазууга келгенде токтоп калат.

ЭКОНОМИКА өнүгүүнү каалагандар үчүн тажрыйбалуу бизнесменден алынган пайдалуу маалымат менен бөлүшөт.

Биринчиден бизнес пландын стандарттуу бекитилген формасы жок экенин айткыбыз келди.

Экинчиси кандай бизнес план болсо дагы банк насыя берип жатып сиздин план чындыгында эле насыя алууга татыктуу экендигине ишенүүсү зарыл.

Бизнес план болсо банктын ишенимин жаратуу үчүн куралдардын бири. Ал маанилүү бирок жалгыз болот. Эгерде сиз бизнес планыңызда айыл-чарба тармагында кандайдыр бир долбоорду өнүктүрүү тууралуу жазсаңыз, бирок ал иш менен мурун алек болбогон болсоңуз анда сиз эмнени жазсаңыз дагы насыя беришпейт.

Банк үчүн тажрыйба абдан маанилүү, мурунку ишиңиз ийгиликтүү эмес болсо дагы кандайдыр бир таасирин берет.
Ийгиликтүү эмес тажрыйба дагы тажрыйба болуп саналат.

Эгерде сиз кандайдыр бир мекеме куруу үчүн насыя алып жаткан болсоңуз жана баарына ийгиликтүү ишкермин деп айтканыңыз менен банк интернетке сиздин аты жөнүңүздү жазганда ал жакта өнөктөштөр менен болгон ызы-чуу, чынчыл иштебегениңиз тууралуу маалыматтар ж.б. болсо сиз бизнес планга эмне деп жазсаңыз дагы банк насыя бербейт.

Ошондуктан бизнес план жазуу боюнча биринчи кеңеш бизнес план насыя алуу үчүн жалгыз жол болбошу керек. Бул биринчи кеңеш.

Экинчи кеңеш. Бизнес планды кантип жазуу керектиги тууралуу коп китептер бар. Эгерде сиз чындап эле насыя алууну кааласаңыз, аны бизнеске салып, ийгиликке жетип жана банкка акчаны кайтарып берүүнү чын эле кааласаңыз бул китептерди окуудан мурда өзүңүз үчүн бизнес план түзүүнү сунуштайт элек.

Эгерде чындап эле ушундай ниетиңиз бар болсо анда жөнөкөй тил менен эле, эч кандай китептерсиз бизнес план түзсөңүз болот. Күн сайын кылчу кадамдарыңызды жазыңыз. Сиз бул планды жазып жатып насыя сизге керек эмес экени же насыя ала албай калууңуз ыктымалдыгы тууралуу да ойлонууңуз мүмкүн. Сиз банктын берчү суроолоруна жооп берүүдөн мурун өзүңүздүн суроолоруңузга жооп бериңиз.

Банк үчүн бизнес планда эмне принципиалдуу?

Албетте долбоордун негизги маңызын жазуу, андан кийин сиз иштей турган рыноктун кандай түшүнгөнүңүз тууралуу жазууңуз абзел. Эгерде бул айыл-чарба тармагы болсо жана сиз Талас облусунда буурчак өстүрүүнү каалап жатсаңыз банк үчүн бизнес планда Талас облусунда бул бизнес кандай түзүлгөнүн жазыңыз.

Формалдуу сөздөрдүн артынан кууп кереги жок.

Жөнөкөй тил менен бул тууралуу эмне билериңизди жазыңыз.

Сатып алуу боюнча негизги каналдарды ким көзөмөлдөйт, жер семирткичтер рыногун ким көзөмөлдөйт, уюшкан кылмыштуулуктун таасири барбы, “укук коргоо органдары менен маселе чечүүгө туура келеби же алар сизге окшогондорду тынч коюшабы. Дал ушул суроолорго жооп жазуу абзел.

Бул чөйрө сиздин бизнесиңиз болчу жер. Мындан ары сиз бизнестин өзү тууралуу жазасыз. Эгерде кандайдыр бир көлөмдө үрөн, Орусиядан чогултулуучу күнөскана, жер семирткич сатып ала тургандыгыңызды, жумушту аткаруу үчүн 5 киши жалдарыңызды жана тушүмдү болжол менен кимге сатарыңызды башкача айтканда ага суроо талап бар экенин жазыңыз. Аталган бул элементтердин ар бири боюнча жөн гана жазып койбой далилдеп берүү керек.

Биринчиси сиздин бул тармакта тажрыйбаңыз бар экенин далилдөө. Экинчиси күнөсканаларды рыноктук баада сатып аларыңыз тууралуу баалардын салыштыруусун бизнес планга жазыңыз. Сиз шайкеш келген баада жана жакшы сапаттагы күнөсканаларды сатып алуу боюнча түшүнүк алуу үчүн реалдуу иш жүргүзгөнүңүздү далилдеңиз.

Интернеттен бул күнөсканалар жакшы экендиги жана алар кайда коюлгандыгы тууралуу маалыматтарды басуудан чыгарып алып, колдонуңуз. Тилекке каршы, биздин Фергана аймагынын окурмандары билгендей эле жер семирткич рыногу туруктуу эмес. Мисалы Өзбекстан чыгарган жер семирткичтерди сатып алуу үчүн айрым учурларда ар кандай ыкмаларды колдонууга туура келет.

Бул жер семирткичтер сизге керек болгон учурда сатып аларыңызга ишенесизби? Эгерде сиз жер семирткичтерди ноябрда алсаңыз жана бир нече айдан кийин аны колдоно турган болсоңуз жер семирткичке болгон баа өзгөрүп кетпешине көзүңүз жетеби?

Жер семирткичтердин акыркы жылдардагы баасын көрсөтүңүз. Бул үрөнгө да тиешелүү. Ал эми адамдар боюнчачы, сизде кимдер иштешет?

Эгерде сөз жөнөкөй иш тууралуу болуп жатса, анда сиздин кол алдыңызда иштей тургандардын кыскача өмүр таржымалын жазып жана алар менен тиешелүү бир акчага иштөөгө макулдугу тууралуу келишимге кол коюну сураныңыз. Банк үчүн бул кошумча комфорт болот.

Экинчи көйгөй – бул коркунучтар. Сиз бул бизнестеги коркунучтарды кандай элестетесиз? Анткени коркунучсуз бизнес болбойт. Мисалы, биз айыл-чарбасын алдык, ал жактагы коркунуч аба ырайы. Аба ырайы жыл сайын сюрприздерди камдап коет.

Өтө ысык жай, жаанчыл жай, кургак жай жана башка. Сиздин бизнестин бул коркунучтарга канчалык тиешеси бар? Эгерде кургакчыл жай биздин бизнесиңизге тоскоол боло турган болсо анда насыя алуунун кереги жок. Банк үчүн коркунучтар өтө маанилүү жана балким сизге насыя бербей коюулары ыктымал.

Атаандаштык коркунучу.

Эгер сиз 15 күнөскана курууну пландап жатсаңыз, ал эми жаныңызда Чүй аймагында Орусия корпорациясы 500 күнөскана куруп жатса, демек сиздин бизнес үчүн насыя алуунун, аны баштоонун кереги жок.

Атаандаштык чөйрө дагы коркунуч. Ал эми эң чоң коркунуч – сатуу базары. Сиздин кардарлар сезондун акырында сиз каалаган баага өнүмүңүздү сатып алары тууралуу кепилдик кайда? Сиз чыгарган товарды же курган үйду, батирди сизден сатып алышат деген кепилдик барбы? Ал эми банкка болсо насыяны кайтаруу керек.

Сиз банкка өнүмдү бир канча убакыттан соң баланча баага сатууну каалап жатабыз деңиз. Бирок сиз дал ошол баага сата албай калсаңыз эмне болот? Стресттик анализ, эгер биз бул баага сата албай калсак, башка баага сатууга кепилдигибиз бар, бирок бул бизди кирешесиз калтырбайт деп жазууңуз керек.

Аргумент келтирилген анализ банктар үчүн ыңгайлуу.

Акырында айтарыбыз насыя алуу үчүн эң мыкты кеңешчи бул банктын өзү. Рынокто насыя алуу үчүн кеңеш берүүчү жайлар бар, бирок алар кеңеш берүү менен сиздин акчаны кагып алууну гана көздөшөт.

Банктарга жакшы карыз алуучулар жакшы долбоорлор жетишпей жатат.

Бул болсо банк индустриясынын эң чоң көйгөйү. Аларда ай сайын пайыз төлөп туруучу складдары бар. Алар бул акчаны каякка жайгаштыра алышат? Ошондуктан сизге банк канчалык керек болсо сиз да банк үчүн абдан керексиз. Бул тең укуктуу өнөктөштүк.

Акыркы кеңеш. Жогоруда аталган суроолордун баарына жооп берген соң аны кооздоп жасоого жана юридикалык жактан мазмунун тууралоого аракет кылбаңыз. Эң эле жөнөкөй жазмаңыз менен барыңыз дагы насыя боюнча менеджер менен талкуулап баштаңыз.

Сиздин чыныгы бизнес планыңыз банкир менен 1–3 жолу сүйлөшкөндө пайда болушу толук ыктымал.

Ширин Жумадилова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости