Балким бул бананды сүйгөндөр үчүн жагымсыз болот, ал эми ишкерлер үчүн тескерисинче бааны жогорулатууга себеп болот же бул жемишти ташууга тыюу салынат.
Банандар тууралуу бүткүл дүйнөлүк форумда TR4 банан оорусунун коркунучу тууралуу талкуу болду.
Өткөн жумада Женева дүйнөнүн банандуу борборуна айланды. Швейцарияда бир дагы банан өстүрүлбөгөнүнө карабастан бул шаарда банандар тууралуу бүткүл дүйнөлүк форум өттү. Банандар үчүн климаттын өзгөрүүсүнөн улам пайда болгон TR4 жараткан кооптуу жагдай тууралуу талкуу болду.
Форумдун аткаруучу кеңешинин төрагасы Ренвик Роуздун айтымында, атаандаштар баанын төмөндөтүүгө аракет кылып жатышканын билдирди.
“Бул тармакта баа боюнча атаандашуу эч кимге пайда алып келбейт. Банандарды өстүрүүдө укуктук теңчилик да болбой жатат, башкача айтканда аялдар талааларда эркектер менен катар иштөөдө. Баса, негизинен банан өсүүчү талааларда кедей адамдар иштешет”,-деди Роуз.
Социалдык тармактан сырткары күн тартибинде климаттын өзгөрүүсү каралды. Урагандар Борбордук Америкага, Кариб бассейнине жана Түштүк Америкага болуп көрбөгөндөй терс таасирин тийгизгени айтылды.
Абдан талкууга түшкөн TR4 банан оорусу болду. Швейцариянын айыл-чарба министри аны банан тармагындагы кылыч атады.
Бул оору бананды дүйнөгө экспорттоого гана коркунуч келтирбестен глобалдуу азык-түлүк коопсуздугуна дагы таасир тийгизет. Себеби банандар дүйнөдөгү миллиондогон адамдар үчүн негизги азык болуп келет. “Мен төрөлгөн жерде банандар маанилүү тамак кошулмаларына кирет. Ал жада калса 6 айга толгон ымыркайларга дагы берилет”,-деди Эл аралык эмгек уюмунан Дебора Гринфилд.
50-жылдары бул оору Борбордук жана Түштүк Америкадагы Кавендиш сортундагы банандарды жок кылган. Эми Түштүк Америка дагы коркунучка кептелди. Ал жакта аталган сорттогу банандардын 82%ы өстүрүлөт. TR4 оорусу топуракка түшсө, ал бир канча жыл бою жоголбойт.
Кандай болгон күндө дагы сапаттуу банандар кыргыз рыногунда бааланып эле келет.