Ал эмес мамлекеттик аткаминерлердин жана жергиликтүү бийликтин туруктуу жумуш менен камсыз кылуу жана тез арада региондорду өнүктүрүү, жашоо шартты жакшыртуу сыяктуу убадалары аткарылбай келет. Жылдан жылга жергиликтүү калкты миңдеген жумуш орундары менен камсыз кылуу убадалары мамлекеттин экономикалык өнүгүү темпине туура келбей калууда.
Ошондуктан жаштар миграциясы күч алууда, өзгөчө кандайдыр бир кесиптин ээси болбогондор. Жашырганда эмне, кадрлардын потенциалы жогорку технологиялык өнүгүү процессине көңүл жылытаарлык жооп бербейт. Ошондуктан Кыргызстандыктар көбүнчө квалификациялуу эмес же айлык акы аз төлөнүүчү ресурс катары керек.
Ушул жылдын март айында Ош шаарында айыл өкмөтү, жергиликтүү депутаттар жана Майдан ошондой эле Марказ айыл аймактарынын айыл башчысы жана компаниянын өкүлдөрү арасында Шамбесай алтын кенинде жолугушуу болду. Катышуучулардын көңүлү өзгөчө төмөнкүлөргө бурулду: иштеп чыгуу компаниясынын салык которуусунун эсебинен регионду өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү бюджетти көбөйтүү, ошондой эле район жашоочуларын жумуш менен камсыз кылуу. Ошол эле учурда Кыргызстанда жумушка орношуу маселеси эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири катары каралды.
15 майда айылдыктардын күтүүлөрү орундалды: жаратылыш жана тоо кен боюнча окуу башталды. Катышуучулардын жалпы саны 61 адам. Алар Кадамжай районуна караштуу Майдан, Кара-Жыгач , Кара –Кыштак, Пум, Сары-Алтын, Исфайрам, Алимбек, Көк-Талаа жана Бак айылдарынын тургундары. Окуу Бишкек шаарында тармактар аралык окуу борборунда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин демилгеси менен тоо кен компаниясы “z-explorer”дин финансылык колдоосунда ишке ашырылууда. Окутуунун максаты кадрларды даярдоо жана тандоонун негизинде ишке орноштуруу, ошондой эле жаратылышты коргоону түшүнүү жана кен казуунун пайдалуулугун өнүктүрүү”- дейт «Z-Explorer» ЖЧКсынын менеджери Жылдыз Акматова.
Компаниялар билдиргендей, жергиликтүү тургундарга төмөнкү жумуштар сунушталышы мүмкүн: жеңил жана жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, бульдозер жана эксковатор айдоочулары, механиктер, ширеткичтер, электриктер, лаборанттар, айлана-чөйрөнү коргоо тармагында кызматкерлер, ашпозчулар, вахтада иштөөчүлөр, кеңсе ассистенттери, эсепчилер, инженерлер. Учурда «Z- Explorer» компаниясынын 90% кызматкери Кыргызстандын жарандары.
Кыргызстандын аймагында миңдеген кендер бар экенин эске алсак, КРнын Өкмөтү тоо-кен тармагына көп көңүл бурса өлкөдө кесипкөй адистер көбөймөкчү.
Инвестициялардын негизги максаты – бизнесмендин кызыкчылыгы биринчи орунда болушу керек. Кандай инвестор болбосун бул жакка кайрымдуулук иши менен алек болгонго келбейт, алар киреше табуу үчүн келишет. Бирок мунун менен катар эле жергиликтүү коомчулук менен да иштей билиши керек. Учурда айылдыктар өз аймактарын өнүктүрүүнү айтканда эле дароо жолдордун начарлыгын, социалдык инфраструктуранын жоктугун, таза суу, электр энергиясы сыяктуу маселелерди айтып чыгышат.
Андан соң жумушчу тажрыйбасын жогорулата алат. Жада калса ал башка аймактарга жумуш издеп чыкса дагы ага болгон мамиле такыр башкача болот.
Өкмөттүн 2015 – 2035 – жылдарга карата тоо-кен тармагын өнүктүрүү программасы бул маселелерди чечүүгө багытталган. Ал өзүнө мамлекеттик органдардын инвесторлорго жер бөлүүдө жардам берүүсүн, уруксат кагаздарын алууда, юридикалык жактан жардам берүүсүн камтыйт. Бул адамдарды адистикке окутуп, жаңыдан келген инвесторлор менен иштешүүдө ал адамдарды жумушка орноштуруп, кошумча киреше алуу дегенди билдирет.
Ирина Байрамукова