Ар бир иштин артында түйшүк бар. Эгер адам баласы жетиштүү турмушта жашагысы келсе тынбай эмгектенүүсу зарыл. Кыргызстандын климатында көп иштерди аткарса болот. Тилекке каршы, аны көпчүлүк биле бербейт.
Кыргызстандын суусу таза, мөңгүлөрдөн агып келгендиктен, биздин сууда өстүрүлгөн балыктар да экологиялык жактан таза жана даамдуу болоорун чет элден келген адистер айтышат. СССР жоюлуп кеткенден кийин өлкөбүздөгү балык чарбасы да жоголуп, иштетилбей калган. Мына, кийинчерээк гана бул иштен чоң пайда тапса болоорун элибиз түшүнүп иштете баштады.
Балыктарга атайын тоюттарды чыгаруу өндүрүшүн биздин өлкөдө буга чейин Ысык-Көлдүн Түп районунда ишке киргизилген. Учурда балык чарба багытындагы фермерлер сапаты начар же болбосо кымбат баалуу импорттолгон тоюттарды колдонууга аргасыз болушууда. Балык чарбасындагы бардык чыгымдардын 60%дан ашыгы тоютка кетет. Ошондуктан фермелерге жогорку эффективдүү өндүрүш системаларын жолго коюу кыйынга турууда. Орнотулуп жаткан цехтер балык чарбасы үчүн тоют даярдоодо саатына 600–800 кг тоют өндүрүүгө жөндөмдүү.
Негизи балык чарбасын өнүктүрүүнүн мааниси — адамдардын ден соолугуна тийгизген пайдасы жана жергиликтүү жашоочуларды жумуш менен камсыз кылуу социалдык маселелерди чечүүгө жардам берет. Бир кезде СССРдин тушундагы балык чарбалары дээрлик жоюлуп анда иштеген адистер да, жабдыктар да калбай калган. Кийинчерээк гана К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде агротехникалык колледж ачылып, анда ихтиология жана аква адистиги боюнча студенттер окутулуп жатат. Алгачкы бүтүрүүчүлөрү келерки жылы диплом алышат.
Демек, балык чарбасын өнүктүрүүдөгү эң негизги проблема адистердин тартыштыгы жоюлат. Себеби, балык өндүрүү өтө кылдаттыкты талап кылат. Эгер туура эмес каралса же тоют берилип калса, анда ооруп, өлүп калышы мүмкүн же жеген жемин актабай калат. Мындан тышкары жасалма көлмөлөрдө атайлап өстүрүлгөн балыктарга өзгөчө адистердин көрсөтмөсү менен мамиле кылуу шарт. Кыскасы, балык өндүрүүнү каалагандарга атайын адистердин кеңеши менен көрсөтмөсү абдан керек.
Фермерлер балыкты өстүрүп, сатуу менен гана чектелбестен, балыкты фермада кайра иштетүү жана муздатуу да ишке ашырылып жатканы кубандырат. Ысык-Көл жана Жалал-Абад областтарында балык өндүрүүнүн көлөмү жана бир тоют цехи ишке кирди. Ушунун натыйжасында балык өндүрүүнүн көлөмү да өстү. 2008-жылы Кыргызстанда жылына 200 тонна аквакультура продукциялары өндүрүлгөнү катталган. 2011-жылы 374 тонна, ал эми 2015-жылы бул цифра 1100 тоннага жеткен.
Тоолуу жана сууга бай аймакта жергиликтүү жашоочулар өздөрүнүн балык чарбасын ачуу менен жүздөгөн жумуш орундары түзүлүүдө. Мындай жумушта көбүнчө аялдар тартылып үй-бүлөлүк бизнеске айланууда. Элдин да жумушсуздук көйгөйү чечилүүдө. Илгери Союздун учурунда эле токтогулдуктар суу сактагычтан жана көлдөр менен дарыялардан балык кармап, тиричилик кылып келишкен. Тилекке каршы үч жыл мурда Кыргызстанда 300–400 тонна балык өндүрүлсө, азыр ал 10 тоннага чейин түшүп кеткен. Бул өтө кейиштүү көрүнүш.
Азыр чет элдик долбоорлордун жардамы менен келерки жылдан баштап жылына кеминде миң тонна балык өндүрүп, аны Россия менен Европа өлкөлөрүнө экспорттогону турушат. Учурда Россиядан 900 тонна балык сатып алуу боюнча буюртма түшүүдө. Анткени Кыргызстандын суусу таза, тоюту сапаттуу болгондуктан балыктын да сапаты жогору болуп саналат.
Балык азыгында фосфор заты көп болгондуктан ал адамдын организмине өзгөчө жаш балдардын аң-сезими менен дене түзүлүшүнүн калыптануусуна өтө пайдалуу. Жыл сайын ар бир адам орточо 10 килограмм балык жеш керек болсо, бул көрсөткүч Кыргызстанда 1,5 кг түзөт. Ал эми Японияда ар бир адам жылына 90, Кытайда – 60 килограмм балык жейт. Бирок көпчүлүк өлкөлөрдө балык саздарда өндүрүлгөндүктөн алардын сапаты начар. Ал эми Кыргызстанда өндүрүлгөн балыктардын сапаты өтө жогору. Андыктан ушул бизнести да колго алып, андан ары иштетип кетүүгө болот.
Эмилбек МОМУНОВ