Балчы Сергей Мартынов бал аарылары жана бал менен бала кезинен эле тааныш. Ал ата мекендик балга суктанарын жашырбай келет. “Кыргыз балынын курамында Менделеевдин бардык таблицасы камтылган. Мен өмүр бою шекердин ордуна бал жеп келгем. Ар кимдин табити ар кандай эмеспи. Мен эспарцет балын жакшы көрөм. Кээ бири гүл балын жактырат дегендей. Бал өңү менен жана жытынан айырмаланып турат. Ошондой эле кайсы маалда чогултулганынан да көз каранды”,-деди ал.
Кыргызстандын климаты балчылык үчүн гана жаралгандай. Бийик тоолуу өлкөнүн ар бир булуң-бурчунда ар түрдүү гүлдөр, бадалдар бар. Тоо этектеринде тоо карагаты, эспарцет, барбарис, мята, шалфей, кодогат ж.б сыяктуу өсүмдүктөр көп.
Дал ушул жерде көйгөйлөр башталат. Балчылардын баары эле сатууда маселе жаралып жатканын айтып келишет.
Елена Передерина бал, прополис, шам, сатуучу. “Негизи Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туристтерге бал сатам. Эс алууга келген орусиялыктар, казакстандыктар балды жакшы сатып алышат. Ал эми Европадан келген туристтер кичинекей идиштеги балдарды алышат. Бирок туризм сезону да кыска да, бат эле бүтүп калат, андан соң кайда сатабыз? Албетте ар бир балчынын дайымкы кардарлары бар, бирок бул маселени чечпейт”,-деди ал.
Калган балчылар болсо унаасынын багажына бал салып алып жол боюна туруп да соода кылышат. Мындай абалга баарыбыз эле күбө болуп жүрбөйбүзбү.
“Ушундай жол менен сатканда бал көп өтөбү?”-деп сурадым.
“Каалаган жерде тура берсеңер болобу? Бал сатууну ким көзөмөлдөйт?”
“Бизде эч кандай көзөмөл деле жок. Милиция базардан сырткаркы жерде соода кылганга БОЛБОЙТ деп келет. Макул болуп башка жерге кетип калам. Баары ошентишет. Айрым учурларда тийишпесин деп акча төлөйм. Базарларда орун жок болсо башка эмне кылмакчыбыз?”-деди ал.
“Мамлекет балчылардан балды бир белгиленген баа менен сатып алууну ойлоно элек. Ошондуктан ортомчулардын күнү тууп жатат. Биздин бал янтарь сыяктуу. Бирок кимге сатабыз? Айылыбыз жолдон алыс жайгашкан, базар күндөрү Сары-Челекке алып барабыз. Ал жакта туристтер көп, бирок ал жакта бизсиз деле соодагерлер толтура. Ошондуктан жергиликтүү базарда деле балчыларга кыйын. Биз эч кимден колдоо күтпөй калганбыз”,-дейт Жалал-Абад облусунун Кара-Суу айылынын тургуну Алманбет уулу Адилет.
Кеп кайсы колдоо тууралуу болууда?
Учурда балчылар жакшы баа менен өнүмүн сата албай келишет. Орусиялыктар жана казактар көп көлөмдөгү бал сурашат, Айыл-чарба министрлиги мамлекет менен бирге балчылардан бал сатып алышып, кайра сатса болот да.
“Бизде болсо ар бир балчы сатуу маселеси менен алек. Монополисттер да көп, алар болсо чыгымдарды дагы актабай тургандай бааны сунушташат. Ал эми балчылар биримдигинин төрагасы Казим Каракетов бизден балды жарым баасында сатууну сурап жатат, 1 кг балды 130 сомго гана! Андан соң ал биздин балдарды алып эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге, Киевге, Японияга, Түркияга барууда, ал эми балчылар болсо көп чыгым тартып кала беришүүдө. Бал сатып турсаң аймактык милиционер, мэриянын соода бөлүмүнүн өкүлдөрү, ветврачтар, салыкчылар баш болуп бизди куушат. Чындыгында алардыкы туура. Себеби көчөгө туруп сатууга бизде тыюу салынган. Бирок башка арга жок”-деп нааразы болушту балчылар.
Башка балчылар дагы ушундай эле пикирде. Жайкысын алар бал челектер менен алек болуп жүргөндө туугандары пансионаттарды кыдырышып бал сатууга аракет кылышат.
Ал эми Казим Каракетов болсо Кыргызстанда жылына 100 миң тонна бал алса болорун билдирди. Ал эми учурда балчылар болжол менен 12 миң тонна бал чогултушууда. Ал эми биздин бал дагы бир жолу эл аралык конгрессте (Балчылар ассоциациясынын бүткүл дүйнөлүк федерациясы) сыйлык алууда, бирок мындан балчыларыбыздын жашоосу таттуу болуп кеткен жок.
Ирина Байрамукова