Бал – бул аарылар тарабынан гүлдөрдүн нектарынан чогултулган өзгөчө курамы бар азык. Балдын курамында калий бар болгондуктан бактериялар ага жолой албайт. Бул пайдалуу болгон жалгыз таттуу азык. Анын азыктык баалуулугу топурактагы минералдык запастарга барабар, себеби аарылар дал ошол топурактан өсүп чыккан гүлдөрдүн нектарын соруп алышат.
Японияда жаш балдарга жана 80 жаштан жогорку карыларга балды бекер таратышат, ал эми Кытайда болсо ар бир мектеп окуучусуна күнүнө сөзсүз түрдө 1 кашык бал беришет. Себеби бал боорго күч келтирбеген жеңил шекер. Жүрөктү, буттардын тамыр оорусун, боорду, өттү, көк боорду дарылоочу жана жөтөлдө, бронхитте, мурун бүтүүдө колдонулуучу дары.
Алгач бал аарылары 19-кылымдын 70-жылдары Пржевальск уездине Орусиядан көчүп келгендер аркылуу алынып келинген. Түштүктө 20-кылымдын башында балчылык менен алектенип башташкан. Советтик колхоздор жана совхоздор, лесхоздор жана башка көптөгөн ишканалар балчылык менен алектенип көрүшкөн, 1976-жылы болсо бул тармакты өнүктүрүү үчүн «Киргизпчелопром» республикалык биримдиги түзүлгөн. Кайра куруу дооруна жакын республикада 500 миң бал челек болсо, алар жылына 12 тонна бал өндүрүшкөн. Кыргыз ССРи жылына 4,1 миң тонна бал саткан, ар бир уюктан 45–50 кг бал алышкан.
Учурда балчылардын катарында өз ишин сүйгөн, кесипкөй, күчтүүлөрү гана калганы жашыруун эмес.
“Мурун бизде 3 миң мүчө бар болчу, азыр болсо болгону 280” Ош облустук коому 80-жылдары 15 райондун 4,5 миң балчыларынын башын бириктирип турчу, алар облуска 4 тонна бал төгүп турушчу. Ошондой эле мом, чаңча, аары уусун жана башкаларды чыгарышчу”,-дейт Жалал-Абад балчылар биримдигинин төрагасы Радченко Александр.
Учурда ал жерде 547 бал челек калган.
Караколдук биримдикте болсо 1987-жылы1570 мүчө бар болсо учурда 1378 бал челек жана 300гө жетпеген балчы калган.
“Бул көп каражатты талап кылбаган өзгөчө тармак. Ишти жакшы алып барса 2 жылда өзүн актайт. Башында балчылык көп киреше алып келбейт, себеби бал чогултуу болгону 6 айга созулат да. Демек жарым жыл балчы дагы башка жакта иштесе болот. Жумуш жок тоолуу райондордо балчылык чакан бизнес болот. Аялдар эркектер менен теңтайлашып эле балчы болсо болот. Андан ары балчылыкты өнүктүрүп кетүү зарыл”,-дейт балчылык боюнча Айыл-чарба министрлигинин эксперти Сергей Агаров.
Кыргыз азыгын Совет доорунда дагы Индияга экспорттошчу, ал жактан косметика жана дары чыгаруу үчүн колдонушкан. Дагы бир жаратылыш белеги – аары уусу! Азыр аны медицина тилинде апитерапия деп атап жүрүшөт. Ал борбордук нерв системасын дарылоодо табылгыс нерсе. Аарычылар коому апифитоащыктарды чыгарышып, дарыканаларга беришет.
СССР убагында Байтиктеги Орто-Алыш окуу жайында балчыларды окутушчу. Ошто, Жалал-Абадда, Караколдо балчылар үчүн курстар бар болгон. Азыр болсо жаштар буга кызыккан учурда дагы каякка барып билим алышын билбей жүрүшөт. Пригородное айылындагы белгилүү балчы Исмаил Мамашев тернингдерди өткөрүп келген. Анын айтымында, балчы кесиби мураска өтөт. Балчылык боюнча заманбап китептер дагы жок. Шаардыктарга интернет жардамга келет экен, ал эми айылдыктар көбүнчө аны биле беришпейт. Бүгүн балчылардын жашоосу тууралуу маалыматты “Балчылык” журналынан гана тапса болот. Кыргыз тилинде балчылык тууралуу китеп такыр жок.
Станислав – балчылыкка кызыкдар болгон жаштарга үлгү болчулардын бири. Ал балчылык менен 12 жашынан алектенет: “балалыгымдан курт кумурскаларды абдан жакшы көрчүмүн, бир жолу тоодо бал челектерге туш келдим да ошол замат келечектеги кесибим экенин түшүндүм. Атамдан мага 2 бал челек сатып берүүсүн сурандым, ошентип ишим уланып кетти. Андан соң Агрардык академиянын ветеринардык медицина бөлүмүн бүтүрдүм! Азыркы убакта мен аарыларды дарылоо үчүн өсүмдүктөрдөн дары жасоону өздөштүрүп жатам. Бул каражаттар терс таасирин тийгизбейт”.
Ошондой эле тармак мамлекеттик структуралар менен макулдашууга келе албагандыгынын да зыянын тартууда. Балчылар мамлекеттик органдардан ветеринардык кызмат кылуу үчүн уруксат кагаздарын алууну жөнөкөйлөтүү жана бирдиктүү баа түзүү керектигин билдирип келишет.
“Балчылыкка актуалдуу эмес тармак катары кароону токтотуу зарыл. Балчылар мамлекеттик кызматтар менен биргелешип иштөө убагы келди”,-дейт Ысык-Көлдөгү айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчүлөр Ассоциациясынын төрагасы, 20 жылдык тажрыйбасы бар Галиев Асхат Абдуллаевич.
Аары экологияны сактоонун индикатору. Кыргызстандагы токойлорду сактап калуу семинарлары учурунда аарылар тууралуу унутуп калышат.
“Мени жерди, токойду, түшүмдү сактоо тууралуу көп айтып, бирок өсүмдүктөрдү чаңдаштырган аарылар тууралуу эстебегенибиз таң калтырат. Өсүмдүктөргө терс таасир берген зыянкечтер тууралуу айтып келебиз. Бирок ошол эле учурда балчыларга бал челекти жайгаштырууга, аларды дарылоого жардам көрсөтпөйбүз. Балчылык өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн арттырууга түз жол ачат да”,-дешет экологдор.
Республикалык балчылар ассоциациясынын төрагасы Сергей Тихоновдун айтымында, балчылардын картасын түзүү керек дагы аларды жайыт иштерине колдонуу зарыл.
Бир сөз менен айтканда аарылар, бал челектер коомдук байлыктын бир бөлүгү жана колдоого, коргоого муктаж.
Ирина Байрамукова