• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Балаңызды чет өлкөгө окууга кантип жөнөтүү керек?

feet-legs-standing-waiting-55801

👁 673

Баланын билим алуусу – бул алардын келечегинин пайдубалы, ошондуктан бир мезгилде баардык ата-энелердин алдында бул келечекти кантип жакшы кылуу керек деген суроо жаралат. Мындай планды түзүүдө чет өлкөдө окуунун бир топ артыкчылыктары бар – баа жеткис тажрыйба, чет тилин эркин билүү, ошондой эле келечекте чет элдик жогорку окуу жайларына тапшыруу мүмкүнчүлүгү. 

Балдарды чет өлкөгө 13 жашка толгондон кийин жөнөткөн туура болот. Алгач балаңызды кайсы мамлекетке жөнөтүүнү тактап алыңыз – бул жерде биринчи кезекте келечекте балаңызды кандай ЖОЖго жөнөткүңүз келет, эгер америкалык болсо – сөзсүз АКШда да жакшы мектепти тандоо керек, европалык – Европада. Эгер балаңыз чет өлкөдө окуй ала тургандыгынан шек санасаңыз, анда аны алгач жайкы тил мектебине жөнөтүү зарыл. 

Окуу жайын тандап алууда пикирлер, рейтингдеги орду, мектептин жайгашкан жери, бүтүрүүчүлөрдүн ийгилиги сыяктуу жагдайларга, ошондой эле балаңыздын өзгөчөлүгүнө карап тандап алуу керек. Белгилей кетүүчү жагдай, чет өлкөдө билим алуу – арзан ырахаттануу эмес, Америкадагы менчик мектептердеги бир жылдык билим алуунун баасы орточо 20 миңден 60 миң доллар, европалык мектептерде – 20–60 миң евро турат. Бир топ үнөмдүү варианттар да бар, ошондой эле кээ бир окуу жайларында жакшы жетишкендиги үчүн арзандатуулар жана стипендиялар каралган. 

Эгер сиз англис тилин эркин сүйлөй алсаңыз, анда мектептерди өз алдынча издеп, алар менен байланышка чыга аласыз. Кокус кайсы мектепти тандоодон шек санасаңыз жана так эмне кылууну толук билбесеңиз, Кыргызстанда саны аз эмес ортомчулук фирмаларга кайрылыңыз. Алар сизге өлкөнү жана окуу жайды тандоодо, ошондой эле документ жана башка иш кагаздарын даярдоодо жардам беришет. Албетте, рынокто көптөн бери иштеген жана аз эмес жакшы пикирлерге ээ болуп, сыноодон өткөн фирмаларды тандаңыз. Мындай компаниялардын көрсөткөн кызматтарын текшерүү үчүн чет өлкөдө билим берүү боюнча өткөрүлгөн көргөзмөгө катышыңыз. Мындай иш чаралар Бишкекте көп өткөрүлгөндүктөн, ал жерде окуу жайлардын программалары жана окуу акысы тууралуу так маалымат алсаңыз болот.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости