• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бала төрөлгөндө мамлекеттик каттоодо ага жеке идентификациялык номер ыйгарылат

👁 916

Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Үй-бүлө кодексине, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамдарга) каралды.

2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.

Мыйзам долбоордун концепциясы КР Үй-бүлө кодексинин жана жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүүгө, ошондой эле жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды инвентаризациялоону, өркүндөтүүнү жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган.

Долбоор аркылуу КР Үй-бүлѳ кодексине, «Жарандык абалдын актылары жѳнүндѳ», «КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жѳнүндѳ, аскердик жана альтернативдик кызматтар жѳнүндѳ» мыйзамдарга жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында бала тѳрѳлгѳндѳ мамлекеттик каттоодо ѳздүк персоналдык номерди ыйгарууну киргизүү каралат.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары аскерге милдеттүүнүн жана чакырылуучунун фамилиясы, аты-жѳнү, туулган күнү жана жери ѳзгѳргѳнү жѳнүндѳ маалыматтарды, ошондой эле аскерге милдеттүү жана чакырылуучу каза болгону катталган жагдайлар жѳнүндѳ райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына үч күндүн ичинде билдирүүнү карайт.

Талкууда айрым жагдайлар такталгандан кийин мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости