Ата мекендик бизнес өкүлдөрү – балчылар, эт, суу, жемиш, кургатылган жемиш, кездеме өндүрүүчүлөр жана туризм өкүлдөрү Катарга барып келишти.
Кыргыз делегациясын Экономика министрлиги алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигинин директору баштап барды. Катардагы Кыргыз Республикасынын элчиси, КРнын Соода өнөр-жай палатасынын Вице-президенти дагы жолугушууга катышышты.
Катар тараптан делегацияны Соода өнөр-жай палатасынын Вице-президенти Мухамед бин Ахмед бин Туар аль Кувари жетектеп, анын курамына курулуш, соода, логистика, туризм, айыл0чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, консалтинг жана жеңил өнөр-жай тармагынын ири катар компаниялары кирди.
Экономика министрлиги алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигинин директору тарабынан Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат, туристтик потенциал тууралуу презентациялар көрсөтүлдү. Ошондой эле ата мекендик бизнес биримдигинин өкүлдөрү чыгарылган өнүмдөр жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу маалымат беришти. Аны менен катар эле жогоруда сөз болгон инвестициялык долбоорлордун презентациясы болду.
Персид булуңунун өлкөлөрүнүн арасында соода-экономикалык миссия Кыргыз Республикасынын катышуусунда алгач жолу өткөрүлдү.
Эки тараптын соода мамилесиндеги негизги маселелер белгиленип, негизинен маселе ташуудагы кымбат баалар тууралуу болду. Буга байланыштуу аталган маселелерди чечүү үчүн тараптар эки өлкөнүн Өкмөттөрү көмөк көрсөтүү керектигин белгилешти.