• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бактыбек Шамкеев: Ипотекалык насыя ала турган жарандын мүлкү каралат

????????????????????????????????????

👁 1,031

Кыргызстанда жарандардын турак жай менен камсыз болуу маселесин чечүү багытында 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ачык акционердик коому (МИК) уюшулган. МИК өкмөттүн «Арзан турак жай – 2015−2020” программасынын чегинде иш алып барууда. Жарандарыбыздын турак жай менен камсыз болуу маселеси кандайча чечилип жатканы тууралуу “МИК” ААК Башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымовичке “ЭКОНОМИКА” гезити бир нече суроолор менен кайрылдык.

Бактыбек Абылкасымович, Программанын алкагында ипотекалык насыялар МИК тарабынан кандай шартта берилип жатат жана насыя алгандардын саны канчага жетти?

Адегенде МИК аталган Программага катышуу тууралуу убактылуу жобонун талаптарына ылайык иш алып барып жатканын айта кетейин. Мамлекеттик турак жай программасында белгиленген маселелерди координациялоого түзүлгөн Ведомстволор аралык комиссия ипотекалык насыяны алгач бюджеттик мекемелерде иштегендерге берүүнү артыкчылык катары бекиткен. Бул комиссиянын курамына тиешелүү министрликтердин, кыргыз парламентинин жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген. Ошондуктан, азыркы учурда насыяны республикабыздын бардык аймактарындагы бюджеттик мекемелерде иштеп жаткандар алып жатышат. 2017-жылдын 22-сентябрына карата 1770 жаран ипотекалык насыянын чегинде турак жайлуу болуп, жалпы суммасы 2 миллиард сомдон ашууда.

Бул Программага катышуунун жол-жоболору кандай?

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда ипотека насыясы боюнча турак-жай комиссиялары иш-алып барат. Алар жарандардын тиешелүү документтерин карап чыгып, облустук комиссияга жөнөтүшөт, ал жерде ар бир район боюнча тизмени топтоп, МИКге жиберишет. МИК бардык облусттардан даярдалып жөнөтүлгөн документтерди башкармалыктын жыйынында карап, чечим кабыл алгандан кийин, тизмелерди расмий сайтка жайгаштырып, ошол эле учурда тизмедеги жарандар тууралуу маалыматты өнөктөш банктарга насыялоо үчүн жөнөтөбүз.

Насыя мөөнөтү, пайызы жана башка талаптары тууралуу да айта кетесизби?

Насыя 15 жылдан ашпаган мөөнөткө 3 миллион сомго чейин, жылдык 10–12 пайыз менен берилип жатат. Ипотекалык насыянын шарты боюнча, Катышуучу адегенде ошол ала турган турак жайдын жалпы суммасынан 10–30% өлчөмүндө өздүк төлөмдү төлөөсү шарт. Көп кабаттуу үйлөрдөн ала турган батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден, жер үйлөрдүн жалпыя аянты 150 чарчы метрден ашпоосу зарыл.

Тизмеге илингендер насыяны коммерциялык банктардан алат экен да?

МИК учурда 13 коммерциялык банк менен кызматташуу тууралуу келишим түзүп иштеп жатат. Алар:«РСК Банк», «Айыл Банк», «Компаньон банкы», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», «Азия Банкы», «Capital Bank», «БТА Банк», «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк», «Бай-Түшүм» Банк, “Кыргыз коммерцбанк” ААК, “Россинбанк” жана “Бакай Банк”, “Чанг Ан” Инвестициялык Банк”. Акыркы банкты кошо албаганда, булардын бардыгынын аймактарда бөлүмдөрү иштеп, жарандарды тейлеп жатышат.

Насыя алууда кандай документтер талап кылынат?

Программага катышууга арыз берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси төмөндөгүдөй:

    • Программага катышууга анкета-арыз 3-тиркемеге ылайык;
    • Паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
    • Эмгек китепчесинин иш берүүчү тарабынан тастыкталган көчүрмөсү;
    • Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн (салыштыруу үчүн түп нускасы);
    • Балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
    • Акыркы 3 жылдын ичинде турак жай боюнча бүтүмдөрүнүн болушу (жоктугу) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты (укукка ээ болуу маалымкаты).

Ипотекалык насыя ала турган жарандын мүлкү каралабы? Күрөө маселеси кандай болот?

Арзан турак жай 2015–2020 программасы боюнча ипотекалык насыяны өзүнүн жана чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн наамында турак жайы болбогон жана акыркы 3 жылда турак жай боюнча бүтүм болбогон жарандар ала алышат. Ипотекалык насыяга жашай турган турак жай гана сатылып алынат. Насыя толук төлөнүп бүткөнгө чейин ипотекалык насыянын негизинде алынган турак жай банкта күрөөдө турат. Насыянын негизги суммасы жана пайыздары толук төлөнгөндөн кийин гана турак жай күрөөлүк милдеттенмеден чыгарылат.

Жакында биринчи ипотекалык күрөөлүктүн чыгарылганы тууралуу маалымдадыңыздар? Ушул боюнча кыскача токтолуп кетесизби?

МИКтин иш-аракетиндеги негизги багыттардын бири бул ипотекалык баалуу кагаздар менен иштөө тармагын өнүктүрүү болуп саналат. Мына ушунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015−2020” программасынын алкагында берилген насыялар боюнча Ипотекалык күрөөлүктүн чыгарылышына (эмиссия) карата өнөктөш коммерциялык банктар менен кошумча келишимге кол койгонбуз. Биз менен өнөктөш болуп иштеген «Кыргызстан коммерциялык банкы»  19-сентябрда биринчи ипотекалык күрөөлүктүн чыгарылышын камсыз кылды.

Ипотекалык күрөөлүк – бул ипотека менен камсыз болгон баалуу кагаз. Бул биздин өлкөбүздө ипотекалык насыяны өнүктүрүүдөгү тарыхый кадам болду. Ипотекалык күрөөлүктүн пулу бул баалуу кагаздарды чыгара баштоого жана ипотекалык насыялоого Кыргыз Республикасынын фондулук биржасы аркылуу ички рыноктон кошумча каражаттарды тартууга мүмкүндүк берет. Алгачкы Ипотекалык облигациялардын чыгарылышы ушул жылдын аягына пландаштырылууда.

Эске сала кетсек, МИКтин иш-аракети тууралуу толук маалыматты расмий сайттан алууга болот www.gik.kg, телефондору: (312) 62−14−34, (3222) 2−11−16, 0770115910, 0550121165.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости