• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бакетаев: Мамлекеттик сатып алуулар системасынын негизги милдети — атаандаштыкка жана адилеттүүлүк үчүн шарттарды түзүү

5555555

👁 795

Мамлекеттик сатып алуулар системасында башкы милдет — атаандаштыкка жана адилеттүүлүккө шарттарды түзүү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Алмаз Бакетаев билдирди.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2018-жылдын 15-февралында, Дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын потенциалын арттыруу» долбоорунун жабылышына арналган тегерек стол өттү. Иш-чарага Финансы министрлигинин жетекчилиги, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, министрликтердин, ведомстволордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Бакетаевдин айтымында, азыркы убакта мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү «Таза коом» санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эң артыкчылыктуу иш-чараларынын бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу, мамлекеттик сатып алуулар системасын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө карата институционалдык базаны жакшыртуу, даттанууларды жана каттарды кароонун электрондук аянтчасын түзүү, мамлекеттик сатып алууларды натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана контролдоо сыяктуу жаңы ыкмалар түзүлүүдө.

Дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын потенциалын арттыруу» долбоору 2015–2018-жылдары 500 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык суммага ишке ашырылды.

Өз сөзүндө Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар айым Дүйнөлүк банктын тобу үчүн Кыргызстандагы мамлекеттик сатып алуулар реформалары абдан олуттуу мааниге ээ жана бул багытта Кыргыз Өкмөтүн колдойт деп белгиледи.
«Мамлекеттик сатып алуулар системасын жөнгө салуучу туруктуу институционалдык базасы, ошондой эле даттанууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиясы жок мындай туруктуу натыйжаларга жетүү абдан кыйын. Биз өлкөдөгү мамлекеттик сатып алуулардын жалпы системасын жана мамлекеттик сатып алуулардын негизги процесстерин модернизациялоо боюнча ишти мындан ары да улантууга көмөк көрсөтөбүз. Биз Кыргыз Өкмөтүнө тийиштүү мамлекеттик сатып алуулар системасын электрондук сатып алуулардын эл аралык стандарттарына жакындатууга тилектешпиз», – деп билдирди Болормаа Амгаабазар айым.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун максаттары болуп төмөндөгүлөр саналат:

- институционалдык базаны жакшыртуу жана даттанууларды кароо боюнча комиссиянын жана мамлекеттик сатып алуулардын ыйгарым укуктуу органынын потенциалын өнүктүрүү;

- мамлекеттик сатып алуулар маселелери боюнча окутуу процессин өркүндөтүү жана мамлекеттик сатып алуулар жаатында адистер үчүн сертификаттоону киргизүү;

- мамлекеттик сатып алууларды натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана контролдоо максатында мамлекеттик кызматчыларды, тооруктардын катышуучуларын жана көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлерин окутуу жолу менен өнүктүрүүнүн эффективдүүлүгүн жакшыртуу.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын потенциалын арттыруу» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө төмөнкүдөй иштер аткарылды:

- Даттанууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын иштөө тартиби жөнүндө жобо иштелип чыгып, бекитилди;

- «Сотко чейинки электрондук даттануу» модулу иштелип чыкты;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жаңы түзүмү бекитилди;

- Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо боюнча колдонмо иштелип чыкты;

- 2018–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча программа бекитилди;

- Окуу борборунун электрондук тестирлөөнүн жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаттарды генерациялоонун бирдиктүү маалыматтык системасы киргизилди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости