Ушул тапта Кыргызстандын дээрлик ар бир аймагында аз убакытта мөмөгө кирүүчү интенсивдүү алма бактары пайда болууда. Жер иштетүүнүн жаңы системасы катары сыпатталган бул жемиш бактары мурдагы “Мичуриндин” алма бактарынын ордун ээлөө менен аз аянтка көп түп көчөт батып, көп киреше бергени менен өзгөчөлөнүүдө.
Бүгүнкү күндө агроишкерлерден сырткары саясатчы, коомдук ишмер катары таанымал болгон инсандар да жер иштетип, багбанчылык менен алектенип, эмгекчил жашоо образынын үлгүсүн көрсөтүп жатышат.
1990-жылдары Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын башында турган активист, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов да учурда бардык күч-аракет, убактысын багбанчылыкка арнаган.
70 жаштагы каарманыбыз карылык доорду кыймыл-аракетте өткөрүү менен бирге, башкаларга өрнөк болсун деген максатта багбанчылыкка карай багыт алганын айтып берди.
“Чынында алма бакты оокат кылуу үчүн тиккен жокмун. Оокатым жетиштүү. Экономика аркылуу элибизге үлгү көрсөтсөк деген ой болду. Мен агроном да, айыл чарба адиси да эмесмин. Мен алма өстүргөндү өмүрүмдө көргөн эмесмин. Өзүм Суусамырдан болом. Бирок көңүл коюп, билим алып, үйрөнсөң, кандай иш болбосун адамдын колунан келет”,-деди ал.
Анын багбанчылыкка билек түрүп киришкенине үч жылга аяк басты. Биринчи жылы алма өстүрүлө турган жерди даярдап, тегерек четин тоссо, өткөн жылы жаз алды менен Италиядан 20 миң түп алма көчөтүн алып келип, жети гектар жерге тиккен. Быйылкы жылы алма бактын аянтын кеңейтип олтуруп, жалпы 25 жерге алма көчөтү отургузулган.
“Кыргызстан бажы биримдигине кирди. Эмне сатып, оокат кылабыз? Бир гана айыл чарба продукцияларын өстүрүү менен алга жыла алабыз. Дүйнөлүк рынокко мурдагы тигилген алма менен чыга албайбыз. Азыр стандарт деген бар. Баары бирдей көлөмдө, көрктүү, даамы жакшы болушу керек. Дүйнөлүк стандартка туура келген өсүмдүктөрдү өстүрүшүбүз керек. Бара-бара өлкөбүз ушул ыкмага өтүшү керек»,-деди.
Бул алма бактары да акыркы убактарда кеңири жайыла баштаган интенсивдүү жемиш багына кирет. Бою өтө бийик болбой, эки жылда түшүм берет.
“Алма көчөтүн сатып алган өлкөнүн технологиясы менен аралыгын 80 сантиметрден отургуздук. Булар биздеги советтик бактарга караганда бир гектарынан 4 эседен ашык түшүм берет. Алмалар тамчылатып сугаруу ыкмасы менен ар күнү кечинде 1,5 сааттан сугарылат. Эмки жылы гектарына он тоннадан, кийинки жылы 20, андан ары 30 тоннадан, айтор ушинтип жыл сайын түшүмү жогорулап, 80 тоннага чейин түшүм берет. Албетте, жакшы каралса”,-деди.
Багбан түшүмдүн бирдей көлөмдө, бирдей түстө болушу үчүн эмне кылуу керектигин айтып, буларга токтолду.
“Алма гүлдөгөндө бир бутакта беш гүл чыгат. Ортосундагы гүл чоңураак болуп, калгандары кичинерээк болот. Алма түйгөндөн кийин ошол төртөөсүн алып салуу керек. Ар бир гүлдөгөн бутактан бирден төрт гүлдү алып салуу эмне деген гана түйшүк. Ошондо бир түптө 20–24төн ашырбоо керек. Ошондо бардык алмалар бирдей көлөмдө, бирдей түстө болуп бышат”,-деди.
Жогоруда сөз болгон алма бактарын жайылтууну пропагандалап келе жаткан айыл чарба инженери Манас Саматов интенсивдүү алма бактарынын көбөйүп жатканы менен өлкөдө агроном адистер таңкыс экенин билдирди.
“Биз тиккен көчөттөрдүн агрономиялык коштоосун жасаган адистер жокко эсе. Ысык-Көл облусунда 50 гектар жерге көчөт тиккен жигитти консультант, агроном катары жалдадык. Бир жылда канча жолу келип-кеткен жол акысын төлөп беребиз, көп суммадагы каражатты үч жыл бою төлөп турабыз. Анан биз “Бизге он чакты балага бакты бутаганды үйрөтүп бересиңер” деп айттык. Бул жаңы технологиянын, жаңы техникалык жаңылыкты алып келип, трансформация кылуунун өзү чоң машакат. Бирок коркпош керек. Кимдир бирөө бул жолду биринчи жолу басып өтүшү керек болчу”,-деди Манас Саматов.
Өлкөдө жеке ишкерлерден сырткары 10–20 чакты киши биригип, кооператив түзүп, алма бактарын биргелешип өстүргөндөр да бар.
“Азра жемиштери” деп аталган көчөттү мындан төрт жыл мурда ишкер Миргазы Оморов алып келген. Көчөттөр Голландия, Сербиядан алынып келинүүдө.
2015-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылынын четинде 27 ишкер биргелешип 55 гектар жерге 150 миң көчөт тиккен. Жемиш багында алма, алмурут, кара өрүк, шабдаалы, кокон гиластын көчөттөрүн кезиктирүүгө болот.
“Азра жемиштери” компаниясынын негиздөөчүсү Миргазы Оморовдун айтымында бул жемиш бактары Кыргызстандын климатын кабыл алды.
“Биз бул интенсивдүү жемиш бактары адегенде Кыргызстандын климаттык шартына туура келеби же келбейби деген арасат ой менен Талас облусунда тигип көрдүк. Эки жылдан кийин биринчи түшүмүн берди. Жыйынтыгы жаман болбоду. Алманын 20га жакын сортун тиктик эле, алардын мыкты деген беш сортун тандап алып, бул жерге тиккенбиз. Бул беш сорт — дүйнө элинин суроо-талабы көп болгон он мыкты сорттун бешөөсү”,-деди Оморов.
Оморов бул интенвисдүү жемиш бактары кеминде 30–35 жыл мөмө берерин, бир гектардан 90 тоннага чейин түшүм алууга болорун кошумчалады.
“Биз өлкөбүздүн экономикасына салым кошуу максатында дыйкандарга ушул жемиш бактарын өстүрүүнү сунуштап жатабыз. Алдыдагы он жыл ичинде алма өстүрүү менен Кыргызстандын экономикасын көтөрүп койсо болооруна көзүбүз жетти. Алынган түшүмдү Европа биримдиги, Евразия экономикалык биримдигине сатуу аркылуу байысак болот”,-деди компаниянын негиздөөчүсү Миргазы Оморов.
Интенсивдүү бактар Кыргызстанга 2014-жылдан баштап алынып келине баштаган. Орточо эсеп менен 1 гектар жерге 3 миң даана көчөт тигилет. Ар бир көчөт алгачкы жылдары орточо эсеп менен алганда 20 кило түшүм берет. Ал эми кийинки жылдары анын түшүмдүүлүгү мындан 3–4 эсе жогорулап, 30 жылга чейин түшүмдүүлүгүн жоготпойт.
Өзбекстанда 2011-жылы 14 миң га жерге интенсивдүү бак тигилип 2014-жылы ар гектардан 30 тонна түшүм алынган. Казакстанда 2016-жылы 535 гектар жерге интенсивдүү бак тигилген.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан өзүн алма менен 20 пайыз камсыздай алат. Калган 80 пайызы сырттан импорттолуп келет.
Кантип кам көрүү керек?
Бул жемиш бактары өзгөчө деле камкордукту талап кылбайт. Кадимки мөмө-жемиштер сыяктуу эле эрте жазда түбүн жумшартып, керектүү минералдык заттарды берип туруу керек. Эгерде аны тиккен багбан эки жылда түшүм берүүсүн каалабаса, гүлдөгөн мезгилде гүлүн күбүп салуусу керек. Мындай учурда кийинки жылы жемиш бактын сөңгөгү чоңоюп, түшүм алган кезде ийилип калбайт. Бул көчөттөр салттуу көчөттөрдөн айырмаланып жаңы ыкма менен тигилет. Бактардын туурасынын аралыгы 80 сантиметр. Узунуна карай аралыгы 3,5 метр болушу шарт. Бак капталына карай өскөндүктөн, бутаганда эки тараптка ыңгайлаштырып бутоо керек. Ал эми бактардын ортосундагы аралыктын аздыгы – чакан аянтка көп көчөттү тигүүгө шарт түзөт.
Көчөттү бутаганда анын негизги сөңгөгүнөн өсүп чыккан бутактардын ортосу 15–20 сантиметр болушу керек. Бутоо учурунда алмалардын бүчүрү сыртка карап тургандарын калтырып, калгандарын кесип салуу зарыл.
Бул интенсивдүү мөмө бактары түрдүү климатка туруктуу келип, башка бактарга караганда сууну аз талап кылары менен айырмаланат.
Назгүл Бостонбаева