Өзүңөр күбө болгула: «Кыргыз Ата» музыкалык мектебинин мугалими Химия Насырова апорт сортундагы алмадан быйыл 820 килограмм түшүм алган! Ал алманы жакшылап бакса 1 түп алмадан 75 килограммга чейин түшүм алса болорун билдирди. Ал ошондой эле чоң-чоң алмаларды картошкаларды көрсөттү.
“Биздин жерлерден түшүм аз алынат деп силерге ким айтты? Болгону жашылча-жемиштерди кантип багуу керектигин билүү зарыл”,-деди «Агробиотехнология» ЖЧКСынын директору Кахромон Турсунбаев.
Биздин жашылча-жемиштердин сапаттуу жана даамдуу болуусу аларды кантип бакканыңдан гана көз каранды. Кара-ой айылында 60 гектар жерге алма багын өстүргөн Карачач Эсенбаева жолдошу, келини жана уулу менен алманын 8 сортун, кара өрүк, шабдаалы өстүрөт. Былтыр ал бакчасынан 10 тонна алма, 1 тоннадан ашуун кара өрүк жана шабдаалы жыйнаган. “Биздин жер түшүмдү мол берет. Мисалы, кошунамдын сонун кара өрүктөрү бар. Жемиши чоң жана сапаттуу. Бирок кара өрүгүнүн баарына курт түшүп кеткен, ал күзүндө жана жазында багын дарылабайт, болгону бактын түптөрүн актап гана коет. Көпчүлүк багбандар айыл-чарба өсүмдүктөрүн кантип багуу керектигин биле беришпейт “,-деди ал.
Ал өзү 1 гектар 20 сотых жерге алманын 20 сортун отургузган жана ар бир алма качан бышарын билет. Ал зыянкечтер менен күрөшүүнү дагы билет. Көптөгөн жылдар бою коңшулары бактарды химикаттар менен дарылап келишкен, бирок былтыртан баштап трихограмма, фитоспорин сыяктуу коргоо каражаттарын колдоно башташкан.
Компаньон микрокредиттик компаниясы уюштурган тегерек столдо Ош облусунун Ноокат районунда багбанчылыкты кантип өнүктүрсө болорун талкуулашты. Ар бир үй-бүлөдө 8–20 сотых жерлери болгону менен дыйкандардын көйгөйлөрү бирдей: түшүмдү сатуу, аны сактоо жана кайра иштетүү. «Кыргыз — Атанын» жетекчиси Мухаммед Токторовдун айтымында, учурда дыйкандар түшүмдөрүн эски ыкма менен кургатып, как жасап келишет. Алып сатарлар келишип 1–2-сорттогу алмалардын килограммын 15–20 сомдон алып келишет, ал эми 3-сорттогу алмалар малга берилет. Калгандары болсо жөн гана чирип жок болот.
Ошондуктан кайра иштетүүчү ишкана куруу бүгүнкү күндүн талабы.
“Чакан бизнести өнүктүрүү үчүн адамдарга насыя берип коюу туура эмес, аларды каражатты эффективдүү пайдаланууга үйрөтүү зарыл. 15 филиалда штаттык негизде 2 агроном жана ветеринар эмгектенишет жана кардарларга бекер кеңеш беришип, аларга тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Ошондой эле айыл-чарбасы тууралуу буклеттерди, брошюраларды таратышат”,-деди «Компаньон» каржылык тобунун башкаруучусунун орун басары Марлис Дүйшөгулов.
Учурда көчмөн калк болгон кыргызстандыктар байыркы тарыхы менен гана эмес белгилүүү акындары, жазуучулары, сүрөтчүлөрү, композиторлору менен, андан сырткары жыйнаган түшүмү менен сыймыктана алышат.
Баса, Рокфеллер карьерасын алма сатуудан баштаганын белгилей кетели. Айылдыктар жерге туура мамиле жасашса жергиликтүү Рокфеллерлерди көрүп калуубуз толук мүмкүн.
Ирина Байрамукова