Туннелдер – Дубай бийлиги менен британиялык ObjectTech долбоорунун кызматташуусу аркылуу ишке ашырылат. Анда эл аралык аэропорттордун багаждарды берүүчү залдын кире беришине туннелдер орнотулат. Мындай “биометрикалык паспорттук текшерүүлөр” өлкөгө келгендердин үч өлчөмдүү сүрөттөрүн тартып, аларды маалымат базасындагы маалыматтар менен салыштырат, ошондой эле кошумча маалыматтар: бармак издери, көздүн сүрөттөру жана башка биометрикалык маалыматтар камтылат.
“Мындай идентификация санарип кылымга туура келет. Бул эл аралык учууларды тездетип гана койбостон аны коопсуз да кылат жана элдер өзүнүн санарип маалыматын да биле алышат”,-дейт ObjectTech долбоорунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Пол Феррис.
Январь айында Австралия бийлиги 2020-жылга карата биометрикалык текшерүүлөр болорун билдирген. Жүргүнчүлөрдүн 90%ы чек араны кезексиз жана кыйынчылыксыз кесип өтө алышат. Биринчи жолу бул Канберра аэропортунда быйыл июль айында ишке ашырылат. Ушундай эле чаралар Париждеги Шарль де Голль аэропортуна киргизилет.