• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Баасы жогорулагандыктан буудай менен жүгөрүнү көп өстүрө башташты

👁 639

ФАОнун азык-түлүк баасынын индекси мартта жогорулады, буга дандарга жана сүт азыктарына болгон баанын жогорулоосу себеп болгон. Мартта индекс 172,8 пунктту түзүп, февралдагы көрсөткүчкө караганда 1,1 пайызга же бир жыл мурунку көрсөткүчкө салыштырмалуу 0,7 пайызга жогору болгон. Шекер жана өсүмдүк майларына болгон баанын төмөндөөсүнүн ордун жүгөүгө жана буудайга болгон баанын жогорулоосу толуктаган. ФАОнун азык-түлүк баасынын индекси бул орточо көрсөткүч, анда эл аралык рыноктогу 5 негизги азыктардын баасы көзөмөлдөнөт.
ФАОнун акыркы маалыматтарына ылайык, дандарды өстүрүү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 2017-жылы 2 646 миллион тоннаны түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 33 миллион тоннага көп болду. Бирок быйыл буудай жана жүгөрү өстүрүү азаят деген маалыматты ФАО буга чейин жарыялаган эле.

Нан жана май

ФАОнун дан-азыктарынын баасынын индекси мартта өсүп, февралдагы көрсөткүчкө караганда 2,7 пайызга көтөрүлгөн, ал эми 2017-жылга салыштырмалуу 12,1 пайызга жогорулаган. АКШда кургакчылык болуп, Европанын айрым аймактарында суук, жаан-чачын көп болгондуктан буудайга болгон баа жогорулаган. Ал эми Аргентинада түшүм аз алынгандыктан жүгөрүгө болгон баа да жогорулап кеткен.

ФАОнун сүт азыктарына болгон баасынын индекси мартта 3,3 пайызга жогорулаган, себеби майга, сырга жана кургак сүткө болгон суроо-талап өскөн.

ФАОнун шекер баасынын индекси февралга салыштырмалуу 3,4 пайызга, 2017-жылга салыштырмалуу 27,5 пайызга төмөндөгөн. Себеби экспорт сунуштары абдан көп болгон. ФАОнун өсүмдүк майга болгон баасынын индекси төмөндөгөн.

ФАОнун этке болгон баасынын индекси өзгөрүүсү калган. Себеби уй этине болгон баа төмөндөгөнү менен чочко жана кой этине болгон баа жогорулаган. Кытайда импортко болгон талап өскөн.

Дандарды өстүрүү боюнча алдын ала божомол

Дүйнөдө буудай өтүрүү 750 тоннага төмөндөрү күтүлүүдө, бул былтыркы рекорддук көрсөткүчко салыштырмалуу 1 пайызга аз. Божомолдорго ылайык, АКШда 2017-жылкы дан өстүрүү аз болсо, быйыл ал өз калыбына келери күтүлүүдө. Ал эми Кытайда, Индияда, Россияда дан өстүрүү тескерисинче төмөндөшү мүмкүн.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости