“Америка биринчи”! Дональд Трамп президенттердин ичинен ушундай ураан менен тарыхта калды өңдөнөт.
Дал ушундай ураан менен саясий карьерасын улап келет. Ал саясий жагдайларды карабастан өлкө кызыкчылыгын биринчи орунга коюуда. 2017-жылдын башында АКШ Тынч океан соода өнөктөштүгүнөн чыккан.
Тынч океан өнөктөштүгү тууралуу сүйлөшүүлөр бир нече жылдар бою уланган. Жана Трампка чейинки президент Барак Обама бул биримдикти түзүүнү активдүү колдогон. Бирок Ак үйдүн жаңы башчысы Дональд Трамп кызматына киришери менен Вашнгтон бул өнөктөштүккө катышпай турганын айткан. Трамптын пикиринде, бул өнөктөштүктө Американын кызыкчылыгы эске алынбай калган жана “Америка биринчи” саясатына туура келбейт.
Келишимге кол койгон өлкөлөр товарлардын жана кызматтардын эркин айлануусун Америка Кошмо Штаттарысыз эле жүргүзүүнү чечишкен. АКШнын чыгып кетүүсү документке кол коюуга тоскоол боло алган эмес.
Азиянын жана Американын 11 өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери Чилинин борборунда Тынч океан соода өнөктөштүгү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Ага ылайык, 11 өлкөдө: Австралияда, Брунейде, Вьетнамда, Канадада, Малайзияда, Мексиада, Жаңы Зеландияда, Перуда, Сингапурда, Чилиде жана Японияда өнөр-жай жана айыл-чарба товарлары салыксыз ташылат же жеңилдик берилет. Баары биригип алар дүйнөлүк экономиканын 13,5 %ын түзөт, бул өлкөлөрдө жалпы 480 млн адам жашайт.
“Эл аралык сооданын жаңы заманбап эрежелери – бул айрым мамлекеттер протекционизмге ыктап турганда биздин өлкөбүзгө керек болгон нерсе. Макулдашууга АКШда эмес, Чилиде кол коюп калабыз деп ким ойлоптур”,-деп жазган Twitter баракчасына Чилинин Энергетика министри Андрес Ребольедо.
Бул өнөктөштүктөн баш тарткан АКШ ар ага мүчө болгон ар бир өлкө менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Тынч океан соода өнөктөштүгүнүн мүчөлөрү АКШ келечекте өз саясатын карап чыгат деген үмүттө.